Интернетке 4 миң жыл мурунку "спиннердин" сүрөтү жарыяланды

Сан-Францискодо жана Лондондо чыкчу Wired журналынын редакторунун жардамчысы Ариэль Пардс социалдык баракчасына Чикагодогу музей экспонатынын сүрөтүн жарыялап, "жаңы ачылыштар болбогондун далили" деп жазган. Сүрөттө акыркы убакта популярдуу болуп жаткан спиннер оюнчугуна окшош чоподон жасалган буюм көрсөтүлгөн. Экспонат жаныбарлардын баштары менен айланма оюнчук катары тартууланган. Буюм биздин заманга чейинки 2000-1800 жылдары жасалганын жазышкан музей кызматкерлери.

"Ал спиннерге окшош болгону менен оюнчук эмес, ал курал. Ал бийликте отурган адамдын таякчасынын башынын учу болгон", - деп жазылат Mashable басылмасында.

Мындай табылга 1932-жылы да табылганы маалымдалат. Анда аны астрологияда колдонулчу буюм катары көрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан