Ырчы Бактияр Токторовдун "Буй-буй" ырын Фарход жана Ширин аттуу өзбек ырчылары ырдап чыгышты. Алар чыгарманы "Калбим сендадир" (Жүрөгүм сага таандык) деп аташкан. Видео интернетке июлдун аягында жүктөлүп, азыркыга чейин 47 миңге жакын көрүү топтой алган.
"Жакшы чыгарма болуптур. Кыргыз ырчылары мурда чет элдик аткаруучулардын обондоруна ыр чыгарсак, азыр биздикин ырдап жатышат. Бул жетишкендик. Ырчылар уруксат сурашкан эмес, бирок мен аларга нааразы эмесмин. Мени кыргыздар таппай жатышса, өзбектер кайдан табат?" - дейт ырчы күлүп.