Нарын. Кочкор районунда күйөөсүн бычак менен сайып өлтүргөн аял күнөөсүн моюнга алды

 2012-жылдын 7-ноябрь күнү саат 20:20лар чамасында Кочкор РИИБине Кочкор районунун аймактык ооруканасынын "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшери Батталова Айнуранын "болжол менен жашы 50-55 жаштагы эркек адамдын жүрөк тушка учтуу нерсе менен сайылган өлүгүн алып келишти" деген билдирүүсү боюнча окуя болгон жерге Кочкор РИИБинин кызматкерлери барышкан. Нарын ОИИБинин басма сөз кызматкеринин билдиргенине караганда, 2012-жылдын 7-ноябрь күнү саат 20:20лар чамасында Кочкор районунун тургуну, 1957-жылы туулган Ч.Ж. аттуу аял өзүнүн жолдошу 1957-жылы туулган К.С. жыгылып кетти деп, жүрөк тушуна учтуу нерсе менен жаракат алган жолдошунун өлүгүн Кочкор аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө алып келген. К.Снын өлүгүн хирургия бөлүмүнүн хирург-дарыгери Т.Жумабековдун катышуусу менен кароо жүргүзүүдө К.С. жүрөк туш тарапка бычак менен сокку жеп каза болуп калганы аныкталган. Жогорудагы факт боюнча Кочкор РИИБи тарабынан "адам өлтүрүү" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында 2012-жылдын 7-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында Кочкор районунун тургуну Ч.Ж. аттуу аял спирт ичимдик ичкен абалда өзүнүн жолдошу К.С. жашаган үйүнөн өз ара уруша кетишип, үйүндө пайдаланып жүргөн бычак менен жүрөк тушуна сайып жибергендиги маалым болду.        Натыйжада К.С. алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болуп калган. Бул боюнча кылмышка шектүү Ч.Ж. күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жашаган үйүнөн далил зат катары аш бычагы алынып, азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.       
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан