ЖЫЛНААМА, 5-АВГУСТ: Мэрилин Монронун табышмактуу өлүмүнө 55 жыл болду. Актрисанын сиз билген жана билбеген тараптары

Актрисанын акыркы сүрөттөрүнүн бири. Өлүмүнөн бир ай мурда тартылганӨмүрүнүн 36-жайында каза болгон актрисанын өлүмү табышмак бойдон калган.

АКШнын секс-символу аталган атактуу актриса Мэрилин Монронун табышмактуу өлүмүнө бүгүн, 5-августта 55 жыл болду. Расмий маалыматтарга караганда, ал өз өмүрүнө кол салып - курамында хлоральгидраттын таблеткалары бар уктатуучу дарыны ашыкча өлчөмдө ичип каза болгон. Бирок айрым адистер анын ашказанында дары ичкендиги тууралуу эч кандай белги болгон эместигин айтып чыгышкан. Ошондой эле ал өлүм алдындагы катын жазып калтырган эмес.

Актрисанын жансыз денеси телефонду кармаган абалында Лос-Анжелес шаарындагы үйүнөн табылгандыгы тууралуу дагы маалыматтар бар. М.Монро өмүрүнүн акыркы жылдарында ошол учурдагы АКШнын президенти Жон Кеннеди менен сүйүү мамилесинде болгон деген кептер айтылган. Президенттин туулган күндүк кечесине актриса барып, "Happy Birthday, Mr. President" аттуу ырды аткарып берген. Бул окуядан кийин экөөнүн чогуу жүргөнүн эч ким көргөн эмес, ал эми актриса маалымат каражаттарына президент тууралуу көп кызыктарды айтып берүүгө даяр экенин айтып чыккан. Мындан улам актрисаны президент буюртма менен өлтүрткөн деген версия бар.

Кичинекей Мэрилин

Актриса 1926-жылы 1-июнда АКШнын Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Өз аты-жөнү - Норма Жин Бейкен. 1944-жылы болочок актрисанын фотомоделдик карьерасы башталса, 1950-жыл Мэрилин үчүн жемиштүү жылдардан болуп, 5 кинотасмада роль жараткан. Ал тургай мурда "сени биздин киностудиядан көргүбүз келбейт" деп кууп жиберген "20-кылым - Фокс" студиясы кайрадан роль сунуштаган. 1953-жылы Мэрилин Монро айтылуу "Жигиттерге сары чачтуулар жагат", "Кыздардын эң жакын курбулары - бриллианттар" деген тасмаларда башкы ролдорду ойногон.

Кызыктуу маалыматтар

  • Популярдуулуктун алгачкы кадамдарында эле чачын сары түскө боётуп салган Монронун чыныгы чачы жээрде түстө экенин эч ким элес албай калган.

  • Актриса жетимдер үйүндө чоңойгон. Аны 11 жолу багып алууга аракет кылышып, бирок катаал мүнөзүнөн улам кайра балдар үйүнө жеткиришкен.
  • Маалыматтарга караганда, Монро мурунунун жана ээгинин түзүлүшүн өзгөртүү үчүн пластикалык операция жасаткан.
  • Мэрилин Монро китеп окуганды жакшы көргөн. Анын китепканасында 400дөн ашык китеп болгон.

  • Мэрилин Монронун белгилүү басыгы анын жарым сантиметрге чейин кесилген такасынын жыйынтыгы деген кептер айтылып жүрөт.
  • Актрисанын "Мен түндө кийип жата турган жалгыз нерсем - Chanel №5 атырынын тамчысы", "Карьера жакшы нерсе, бирок ал сени суук түндө жылыта албайт", "Аялдардын эки куралы бар. Бирөөсү кирпик боёгуч, экинчиси анын көз жашы" деген белгилүү цитаталары бар.

Бул белгилүү кадр "Зуд седьмого года" тасмасына тартылуу учурунда кармалган. 1954-жылы 9-сентябрда Нью-Йорк шаарында тартылган кадрга Монронун күйөөсү Жо Ди Маджио дагы күбө болгон. Топтошкон эл, актрисанын күйөрмандары, жабалактаган журналисттер жана фотографтарды көргөн күйөөсү кызганычтан улам абдан ачууланат. Жубайлардын ортосун бул түнү уруш аралап, түн тынчы жок өтүп, Монрого күйөөсү кол көтөргөнгө чейин барган. Окуядан 3 жума өткөн соң, актриса сотко ажырашуу арызын берген. Фотограф Мэтти Зиммерман тарткан сүрөт ошентип жубайлардын ажырашуусуна себеп болгон десек болот.

Үч ирет турмуш курган, балалуу болгон эмес

1942-жылы Жеймс Догерти аттуу адамга баш кошуп, никеси 4 жылга созулган. Экөөнүн ажырашуусу актрисанын фотомоделдик кесипти аркалоосуна байланыштуу болгон. 1954-жылы бейсболчу Жо Ди Мажого турмушка чыккан. Спортчу жубайын бардык эркектерден кызганып, ага кол көтөргөнүнө байланыштуу ошол эле жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына аны сүйгөн мырзалардан жалгыз гана Жо Ди Мажо келген деген маалымат бар. 1956-жылы драматург Артур Миллерге баш кошуп, 5 жыл чогуу өмүр сүргөн. Мэрилин Монро балалуу болууну кыялданып, бирок тилеги ишке ашкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Aselya_9105
2017-08-05 20:17:55
Сулуулардын тагдыры катаал же эрте өлүм менен бүтөт деген чын экен да....
+5
kychan.98
2017-08-05 20:30:07
Сулуунун коз жашы кургабайт деп дагы койушат.
+5
Jigit.1982
2017-08-05 21:18:19
kychan.98,сулуунун дагы бир жери кургабайт деген соз бар элибизде.
+8
Tyty1990
2017-08-05 21:53:12
Jigit.1982,сулуунун к..ү кургабайт,кургаса да жыргатпайт.
+3
Aruwka.89
2017-08-05 22:44:55
Кайталангы сулуу
+3
Aruwka.89
2017-08-05 22:45:02
Кайталангыс
0
Bars88
2017-08-06 00:43:48
Aruwka.89,Каяктагы кайталангыс суйуу тоок суйуу да.Жылына куйоого тийсе куйоолорун ьааныбай деле калса керек
-2
Akzi
2017-08-06 00:57:46
Bars88,суйуу эмес сулуу деп атат
+4
mentol
2017-08-06 01:24:16
Азыр мынданда сулуулар толтура
0
Erika16
2017-08-06 05:53:14
суурдун болбойт туногу,сулуунун болбойт журогу.анча сулуу деле эмес го Таттыбубуго жетпейт бирок
-4
AKCAHAT
2017-08-06 15:15:47
Ошол учурдун стандартына ылайвк сулуусу болгон, бирок азыркы жасалма чаптама сулууларга салыштырмалуу Мерилин миллион эсе сулууго.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан