ЖЫЛНААМА, 5-АВГУСТ: Кооз турмуштун сүйүүчүсү, марксизмдин жайылтуучусу, немис философу Фридрих Энгельс каза болгон

Фридрих Энгельс немис философу, коомдук-саясий ишмер, марксизмдин жайылтуучусу жана Карл Маркстын замандашы жана досу. Ал Германияда ийгиликтүү ишкердин үйүндө төрөлгөн. Андан тышкары үй-бүлөсүндө 8 бир тууганы болгон. Энгельс шайыр, бойлуу, спорт менен машыккан, аскер кызматын өтөгөн, ийгиликтүү ишкер болгон. Анын сүйүктүү сөзү "Take it easy" (Баарына оңой көз карашта бол) жашоодогу урааны болгон. Бойлуу, кара чачтуу жана үнү жагымдуу болгондуктан ар дайым аялзатын кош көңүл калтырган эмес.

Карл Маркс менен болгон достугу 40 жылдай созулган. Ал илимий жана саясий иштерде досунун артыкчылыгын моюнуна алып, Маркска акчалай жардам берип келген. Айрым маалыматтарда, Маркстын үй кызматчысынын боюна бүтүп калганда Энгельс досунун кылыгын жашырып, ымыркай аныкы экенин жарыялаганы жазылат. Маркстын никесиз төрөлгөн баласын балдар үйүнө өткөрүшкөн, ал эми Энгельс аны каржылап турган. Фридрих Энгельс өлүм алдында гана бала андан эмес, Маркстан экенин айткан.

Фридрих Энгельс полиглот болгон. Ал немис, англис, испан, италиялык, даниялык тилдерин билип, поляк, румын, орус, грек, латын тилдеринде сүйлөй алган. Энгельс кооз жашоонун сүйүүчүсү болгон: шарап, аялдар жана оюн зооктор. Ал престиждүү клубдардын мүчөсү, карта оюнчусу жана англиялык аристократтардын эрмеги - түлкүгө аңчылыкка чыккандардан болгон.

Дал Энгельс белгилүү "Капиталды" акырына чыгарган. Маркс биринчи томду гана чыгарганга жетишкен. Ал эми Энгельс экинчи жана үчүнчү томдорун бүтүргөн.

Энгельс кызыл өңгөч рагынан мындан 122 жыл мурун, 1895-жылы 5-августта каза болгон. Анын сөөгүн өзүнүн керээзи боюнча өрттөп, күлү салынган идишти деңизге салышкан.

Фридрих Энгельстин цитаталары:

  • Жаратылыштын үстүнөн болгон жеңиштерибизге суктанбай туралы. Ар бир мындай жеңиш үчүн ал бизден өч алууда.

  • Өз тагдырыбыздан кете албайбыз. Башкача айтканда, өзүбүздүн кыймыл-аракеттерибиздин жыйынтыгынан кутула албайбыз.

  • Коркок душманды уткандан, эр жүрөк душманды утуу сыйлуураак.
  • Ачуулук менен кабыл алынган чечимдерди биз жакшы иш жана эрдик катары кабыл алабыз, бирок алар акмактыкка алып келет.

  • Коркоктук акылды алат.

5-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Revolyutsiya2
2017-08-06 01:08:24
Кеменгер адамдар... Маркстын атактуу кеби бар:"мага чейинки аалымдар дуйнону таанууга аракет кылып келишсе, мен дуйнону озгортууго аракет кыламын" деген. Айткандай эле бир кун анын тилеги ишке ашып, социалисттик олколор пайда болду. Жаманы акмак жетекчилердин айынан биз артка кадам таштап, кайра капитализмдин туткунунда калганыбызда...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан