Казакстандын Алматы шаарынын жашоочусу "Күйөөмө токол издейм" деген жарыяны колуна кармап алып сейил бакта жүрүп, көпчүлүктүн күлкүсүн келтирген. Анын жоругуна таң калып, ачуулангандар да болгондугун жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, ал өзүн Зарина деп тааныштырып, 28 жашта экенин айткан.
"Мен төрөп, фигурамды бузгум келбейт. Күйөөм 35 жашта, жакшы жашайбыз.Токол болууга макул болгон кызга өзүнчө батир бөлүп берип, камсыздоого даярбыз. Бизге 25тен 35 жашка чейинки кыз-келиндер керек. Эң негизгиси бала төрөп бериш керек", - деп билдирген ал.
Көпчүлүктү таң калтырган бул көрүнүштүн аягында Зарина жөн гана Казакстандын жергиликтүү телеканалдарынын бириндеги аялдар жөнүндөгү берүүгө тартылып жатканын айткан. Анткени менен анын жарнамасы алматылыктардын токол маселесине болгон көз карашын аныктай алган.
"Көптөгөн кыз-келиндер менин сунушумду четке кагышты. "Токол издейм" деген жарыяны жактырбаган улуу курактагы аялдар келип, катуу тилдеп, жемелеп жатышты", - деген ал.