Эне сүтүн эмизүүнү колдоо жумалыгынын алкагында адистер баланы 2 жашка чейин эмизүү керектигин айтышты

Жыл сайын 1-7-август күндөрү дүйнөнүн 170 өлкөсү, анын ичинде Кыргыз мамлекети балага эне сүтүн эмизүү жумалыгын белгилейт. Жумалыктын алкагында Бишкекте адистер ата-энелер менен жолугушуу өткөрүштү.

Эне сүтү - баланын жашоосунун эң сонун башталышы, ал эми эмизүү - балага болгон сүйүү жана анын келечегине көргөн камкордук. Бала бакыт, наристе менен түздөн түз байланышуу же бала эмизүү өзүнчө ырахат. Баласына эмчек сүтүн эмизип чоңойтуу табигый көрүнүш болгону менен, замандын өзгөрүшүнө жараша эне сүтүн ордун баса турган кошулмалар сатыкка чыккан. Энелер кезиккен жерде балдарын эрмектеп сүйлөшөт эмеспи. Анда "балам эмчек сүтүнө тойбой жатат, ошондуктан буламык берем", "эмизгенде эмчектин формасы бузулат, андан көрө кошумча тамак берейин", "мен чай ичпесем башым ооруйт, балама да ошон үчүн чай берем. Ал чай ичем деп айта албайт эмеспи", "балам суусаган чыгар, бир аз суу берейин", "менин сүтүм көк же суюк экен, ошого кошулмалардан тамак даярдап берем" деген сөздөрдү угууга болот. Бул сөздөр канчалык чындыкка дал келери тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, профессор Турсун Мамырбаева айтып берди.

Ал өзүнүн 30 жылдык тажрыйбасында туш болгон окуяларына токтолуп, төрөтканада эле сүт кошулган чайды жаңы төрөлгөн балдарына берген энелерди жолуктурганын айтат.

"Жаңы туулган ымыркайга эне сүтү суусундук да, тамак да боло алат. Эненин сүтүнөн артык балага эч нерсенин кереги жок. Балага да, энеге да эмчек эмизген абдан пайдалуу. Мисалы, түн ичинде туруп кошулмалардан тамак даярдаганда идиштин жуулганы, суу тазалыгы боюнча кепилдик жок. Баланы 6 айга чейин эч кандай кошумча тамак бербей эне сүтү менен баккан туура", - деди Мамырбаева.

Бала эмизүү эненин дене түзүлүшүнүн өзгөрүшүнө таасир этпешин айтып өтүштү. Ошону менен бирге 6 айга толо элек балага суу, чай берүүгө болбой турганын белгилешти.

"Балага суу бергенде анын ашказанынын бир бөлүгүн суу ээлеп калат. Мындан улам сүт аз эмет. Эне сүтүн эмген бала суусайт деген туура эмес", - дейт бала эмизүү боюнча адис Елена Акылбекова.

Энелер дарыгерлерге бала эмизүүгө байланыштуу уккан кептеринен тартып баланы туура тамактандырууга чейинки суроолорун беришти. Ал эми уюштуруучулар даярдаган суроолорго жооп берген катышуучуларга белектер тапшырылды.

Адистерден жаш балалуулар үчүн 7 кеңеш.
1. 6 айга чейин ымыркайыңызга жалаң эмчек эмизиңиз. Бул анын ден соолугу чың жана келечектен жолдуу болуп чоңоюшуна өбөлгө түзөт.

2. 6 айга чейин ымыркайга эч кандай тамак бербеңиз, атүгүл суу же чай да ичирбеш керек. Сиздин эмчек сүтүңүздө балаңыздын ден соолугуна жана өсүшүнө керектүү азыктардын баары толук жетиштүү (суусу да, сиңимдүү тамактары да камтылган).

3. Балаңызды шашылбай эмизиңиз. Бир эмчегиңиздеги сүттү какшыта эмизиңиз, ошондо ал сууну да, сиңимдүү азыктарды да толугу менен алат. Ошондон кийин гана экинчи эмчегиңизди эмизе баштайсыз.

4. Балаңызды өзү каалаган учурда эмизиңиз жана эмчегиңизди ал моокуму кангыча эмгидей болсун. Сиз балаңызды күнү-түнү менен канчалык көп эмизсеңиз, эмчек сүтүңүз да ошончолук мол болот. Ошондо балаңыз кана тойот.

5. Бала 2 жашка чыккыча эмчек эмизгенди уланта бериңиз.

6. Эмчек эмизип жатканыңызда балаңыз менен баарлашуунун эң ыңгайлуу шарты келет. Анын көзүнө карап, жылмайыңыз, мээримиңизди төгүңүз. Балаңыз жетилген сайын аны менен тынымсыз сүйлөшө бериңиз жана сөздөрүңүздү ар түрдүү үндөр жана жаңсоолор менен коштоп туруңуз.

7. Балаңызга чоң жана ачык түстүү оюнчуктарды берип, балаңыз аларды суктана карап, оюнчуктарга умтулгудай болсун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nur_kadyr
2017-08-06 14:20:47
Сонун!!Баланы эмизген кандай гана ырахат!Бул бакытты ар бир аял затына каалайм)))
+8
Mahabat84
2017-08-06 15:25:47
Баланы созсуз эмизуу керек,кийин ата энесине куйумдуу болот
Орустар эмизбеген учун ата энесин карабайт олгонундо келлип квар н алышат
+1
Revolyutsiya2
2017-08-06 16:01:41
2 жашка чейин болбосо да 1-1,5 жашка чейин эмизуу керек...
0
Jaloshtalnarisbatchui
2017-08-06 16:11:26
Куран китебинде айтылган 2жашка чейин деп....
0
dina
2017-08-06 22:30:04
Кээ бир педиатрлар баланын ичи катканда 2-3 кашык суу бергиле деп айтышат.
0
aydarken
2017-08-07 08:07:38
Мен бойумдагы торт айлык болгуча колумдагы кызымды эмизип журдум бешинчи айга откондо эмчегимдин урптору ооруй баштаганда чыгарып салдым бирок ичи да отподу кускан да жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан