Ракеталарды учурганы үчүн Түндүк Кореяга санкциялар киргизилди

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизүү боюнча АКШнын сунушун бир добуштан жактырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, санкцияларды киргизүү Пхеньяндын баллистикалык ракеталарды учурганына байланыштуу. "БУУга мүчө мамлекеттерге эми Түндүк Кореядан көмүр, коргошун, темир рудасы жана балык импорттоого тыюу салынат. Мындан тышкары Коопсуздук кеңеши өлкөлөргө түндүк кореялык жумушчулардын санын көбөйтүүгө жана Пхеньян менен бирге ишканаларды түзүүгө тыюу салат. Бул санкциялардан улам Түндүк Кореянын экспорттон түшкөн кирешеси үч эсе азаят деп божомолдонууда", - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан