Бүгүн, 6-августта "Кинозал" бөлүмү кошуналардын мамилесин көргөзгөн "Кокуй кошуна" аттуу комедиялык тасма менен толукталды. Анда ролдорду Шайымбек Кыдырмаев, Марат Козукеев, Турганбүбү Бообекова, Нурай Аскарбекова, Анвар Осмоналиев жана башкалар ойношкон.
Режиссёр Эльдар Турдумамбетов тасмада үй-бүлөдөгү ата менен уулдун, кошуналардын өз ара мамилеси көрсөтүлгөнүн айтат.
"Алгач комедия жанрында тасма тарта аламбы деп бир аз коркуу сезимдери болду. Бирок Шайымбек Кыдырмаев, Марат Козукеев, Турганбүбү Бообекова агай-эжейлер ар тараптан колдоп, күлкүлүү жерлерди кошумчалап жатышты. Андыктан алардын да бул тасмада эмгеги зор. Элдин эмоциясын көрсөтүү кыйын. Албетте, чын жүрөктөн көрүүчүнү күлдүрүү да жеңил эмес", - дейт Эльдар Турдумамбетов.
Тасмада Мелис аттуу каарман үй-бүлөсүн сүйгөн, камкор, жөнөкөй ата. Бир күнү коңшу турган эки кабаттуу үйдү алмакчы болуп, жарым акчасын ээсине төлөп берет. Эртеси ошол эле үйгө башка бир чыгармачыл инсан көчүп келет. Жаңы кошуна эки күндүн биринде конок тосуп, таң эрте баарына угуза кыйкырып ырдап, тынчтык бербей кууратат. Ачууланган Мелис кандай жол менен болбосун кошунасынан кутулууну чечет.
Ал ортодо концерт берип үйдүн акчасынан кутулам деген жаңы кошунанын тилегин таш кабат. Бирөөсүнүн үйүнө уурулар кирип, айтор эки кошунанын ортосундагы кырдаал күн сайын курчуйт. Бул окуялардын баары тамашалуу диалог менен коштолот.
"Кокуй кошуна" аттуу комедиялык тасманы бул жерден көрсөңүз болот.