Кытайда башка планеталыктардын жашоосун изилдөө үчүн ири көлөмдөгү телескоп курулду. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялашты.
"Жабдыкты Гуйчжоу капчыгайына орнотушкан. Анын диаметри 500 метрди же 30 футбол талаасын түзөт. Өлкө бийлигиндегилер изилдөө иштерине тоскоолдук жаратпашы үчүн 9 миңдей жергиликтүү адамдарды башка жактарга көчүрүштү. Бул илимий долбоорго 180 миллион доллар каражат жумшалган. Адистер гиганттык өлчөмдөгү "телескоп табагы" адамзатка башка планеталыктар менен байланышууга шарт түзөрүн жана долбоор инженердик тармактагы чыныгы ачылыш экенин айтышууда. Телескоптун курулушу 2015-жылы башталган болчу", - деп айтылат маалыматтарда.