Америкалык актриса, модель жана продюсер Шарлиз Терон көпчүлүккө “Акылсыз Макс”, “Азезилдин адвокаты”, "Таттуу ноябрь" тасмаларынан соң таанылган.
Ал 1975-жылы 7-августта Түштүк Африка Республикасынын Бенони шаарында туулган жана 15 жашында атасынын өлүмүн өз көзү менен көргөн. Атасы спирт ичимдиктерин ичип, үй-бүлөсүнө көп кол көтөргөндүктөн апасы коргонуу максатында аны атып салган. Бирок актриса буга чейин анын автокырсыктан каза болгонун айтып келген. Ушул жылдын июль айында гана өлүмдүн чыныгы себебин ачыкка чыгарган.
16 жашында апасынын каалоосу менен моделдер арасындагы сынакка катышып, жеңүүчү аталган. Ошондон тарта бул жааттагы түрдүү кароо-сынактардан калбай катышып, 17 жашында Миландагы моделдик агенттик менен 1 жылдык келишим түзгөн. Андан соң кичинесинен бери кыялданган балеринанын окуусун окуп, 19 жашында бутун катуу кокустатып алгандыктан бийчи болуу кыялы орундалбай калат. Мындан улам ал АКШны таштап, өз мекенине кетүү алдында турганда, апасы каршы болуп койгон. Анын айтуусунда, Шарлиз Терондун атактуу болуусун өзүнөн да апасы көбүрөөк каалап, дал ошол апасынын каалоосунун артынан ийгиликке жетишкен.
“Балерина боло албасымды билген күнү дароо Африкага кетип, өмүрүмдүн аягына чейин ал жактагы соода түйүнүндө иштейт экенмин да деп ойлогом. Бирок апам ага жол берген жок. Ал менин карьерам Голливуддан улануусун каалаган”, - деген модель.
Шарлиз акчанын тартыштыгынан улам арзан мейманканалардын биринде кээде ток, кээде ачка калып жашачу. Анын бул жашоосу апасы банк аркылуу салган 500 долларды алууга барганда өзгөргөн. Тактап айтканда, банк кызматкери адашып Теронго акча которулбаганын айткан. Ачуусу келген модель өзү билген англис сөздөрүн африкалык акцент менен айтып, ызы-чуу салган. Анын жанында кезек күтүп турган АКШдагы концерттик программалардын уюштуруучусу Жон Кросби Терондун актёрлук дареметин байкап, өзүнүн визиттик карточкасын таштап кеткен. Көп өтпөй экөө байланышып, эң алгач англис тилин акцентсиз сүйлөөгө үйрөнгөн. Андан соң “Голливуддун сырлары” тасмасына тартылып, актрисалык карьерасына алгачкы кадамдарын таштаган.
2003-жылы чыккан “Монстр” тасмасына сойкулук менен алектенген аялдын ролун аткаруу үчүн 14 килограммга семирип, кары көрсөтүүчү грим колдонуп, таанылгыс болуп өзгөргөн. Жыйынтыгы текке кетпестен “Оскар” сыйлыгынын “Мыкты айымдын ролу” наамын жеңип, бул наамга татыган эң алгачкы африкалык актриса болуп табылган. Ал эми 2007-жылы эң көп каражат тапкан актрисалардын ондугунда 7-орунду ээлеп турган.
2008-жылы Уилл Смит менен бирге АКШдагы көрсөтүүлөрдөн 227,9 миллион, чет жактагы көрсөтүүлөрдөн 396,4 миллион доллар пайда алып келген “Хэнкок” тасмасына тартылган. Ошондой эле тасманын бет ачарын өткөрүү үчүн бир канча өлкөлөргө барып келген.
2007-жылы АКШдагы эркектерге арналган "Esquire" журналы актрисаны "Эң сексуалдуу айым" деп тапкан.
"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" демекчи, сексуалдуу актриса сексуалдуу актёр Том Харди менен биргеликте "Акылсыз Макс" тасмасында роль жаратып, бирок жылдыздары келишкен эмес. Бул тууралуу Харди интервью учурунда айткан.
"Чынында экөөбүздүн тең өзүбүздүкүн бербеген мүнөзүбүз бар. Бирок калп күлгөндөн көрө ачуусун сыртка чыгарып, кыйкырып алгандар жакшы. Чыныгы актёрлор эч кандай кыйынчылыкка моюн сунбастан, баштаган ишин аягына чейин чыгарат", - деген ал.
Ал эми Терон актёрдун сөзү чын экенин моюнуна алган.
"Эгер Том экөөбүз жакшы мамиледе болсок, образды жакшы чагылдырып бере алмак эмеспиз. Татаал мамилебиз бизди бири-бирибизге атаандаш кылып, ролдорубузду мыкты аткарууга өбөлгө түздү" деген актриса.
Актриса 2012-жылы Түштүк Африка Республикасынан Жексон аттуу бала, 2015-жылы АКШдан кара терилүү Августа деген кыз багып алган.
7-августтун жылнаамасы.