5-август күнү ырчы Асел Кадырбекова казак ырчысы Куандык Рахым менен бирге койгон концертин ийгиликтүү өткөрүп алганын айтып, колдоп келген күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.
Ырчылар Мирбек Атабеков менен Нурлан Насип ордолуу Ош шаарына барып келишти.
Ошондой эле "тамашоучу", алып баруучу Самат Эркинбеков да жубайы менен Ысык-Көлгө барып, эс алып келди.
Жийдеш Идирисова имиджин өзгөртүүнү каалап, чачын башка түскө боёду.
Ырчылар Анжелика Бекболиева менен Назгүл Токтакунова апаларын туулган күндөрү менен куттуктап, жылуу сөздөрүн арнашты.
Ырчы жана "Кыз-бурак" тобунун аткаруучу директору Сайкал Садыбакасова дем алыш күнү келбетине кам көрдү.
Ырчы Юлия Руцкая Румынияда өткөн жаш таланттар сынагында калыстык кылуу үчүн, аталган өлкөгө барып келди.
Спортчу Айсулуу Тыныбекова жаштар арасындагы күрөш боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда ийгиликке жетишкен спортчу кыздарды тосуп алды.
Жаш ырчы Кудайберди Айтбосунов социалдык тармактагы баракчасына ат чаптырып ойноп, эс алган сүрөттөрүн жарыялады.
Актриса Элина Абай кызы жаратылыш коюнунда эс алып, дем алыш күнүн жыйынтыктады.