iPhone үчүн жалтыр-жултур каптамалар ден соолукка зыян экени айтылууда

АКШдагы керектөө товарларынын коопсуздугу боюнча комиссия көпчүлүк өлкөлөрдө MixBin Electronics компаниясынын iPhone 6 жана 6S, ошондой эле iPhone смартфондору үчүн каптамалары адамдын ден соолугуна зыян экенин жарыялашкан. Каптамалардын зыяндуулугун компания өзү да тастыктап, кайрадан сатыктан кайтарып жатканын расмий сайтында билдирет.

Алардын ичи жалтырак жасалгалары бар суюктук менен толтурулган.

"Каптаманын өзү кооптуу эмес, анын ичиндеги суюктук адамдын терисин күйгүзүп кетет. Ал суюктуктун курамы тууралуу маалыматтын жоктугу эмес, каптардын кеңири тарап кетиши негизги көйгөй болууда", - деп жазылат маалыматтарда.

Каптардын биринчи партиясы 260 миңден ашуун. Жалпысынан 263 миң кап кайтарылып, жок кылынышы керек. Алардын канчасы сатылып кеткени белгисиз. Ачык түстө болуп, баасы да арзан болгондуктан каптардын көбү кичинекей балдардын колунда болушу мүмкүн.

MixBin Electronics компаниясы мындай каптамаларды сатып алгандардан, смартфондордон чечип, суу жана аба өткөрбөгөн кутучага салып, дүкөнгө кайтарууну өтүнгөн. Эгер суюктук куюлуп кеткен болсо андан алыс болууну, эгер териге төгүлгөн болсо, медициналык жайга кайрылуу керектиги жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MAKALAK
2017-08-07 17:07:53
Магазинде турат дагы эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан