Бүгүн, 7-августта эл аралык "Манас" аэропортунан ажыга барчулардын алгачкы тобу Медина шаарына учуп кетишти. Бул тууралуу Кыргыздын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
"Бишкек шаарынан жөнөп жаткан ажыларды муфтий Максатбек Токтомушев, муфтийдин орун басарлары Жоробай Шергазыев, Замир Ракиев жана Сауд Арабия өлкөсүнүн Кыргыз жериндеги элчиси Абдурахман Бин Саид Аль-Жумалар узатышып, алар үчүн жакшы тилектерин айтышты. Муфтий Максатбек Токтомушев ажылык милдеттерин өтөө үчүн жөнөп жаткан мекендештерибизге Сауд Арабиянын мыйзамдарын сактап, ажы башчылардын көрсөтмөлөрү менен жүрүүгө чакырып, эли-журтубуз үчүн ыйык жерден дуба кылууга чакырды", - деп айтылат Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматында.
Айта кетсек, быйылкы жылы ажыга барчулар 15 каттам менен жөнөтүлөт. Алардын ичинен 3 каттам Бишкек шаарынан болсо, калган 12 каттам Ош шаарынан кетет.