Министрлик: "Арча-Бешик жаңы конушунда дааратканадан табылган ымыркайдын абалы жакшырууда"

Арча-Бешик жаңы конушунда дааратканадан табылган ымыркайдын абалы жакшырууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматында, ымыркайдын абалы күндөн-күнгө жакшырып жатканы жана кислороду жок дем алып, өзү эмип калганы айтылат.

Айта кетсек, ушул жылдын 31-июль күнү Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Ымыркай дароо Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ошол учурда ал оор абалда болгон.

Бишкек ШИИББи бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, ымыркайдын энеси изделип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fanatka19
2017-08-07 15:24:05
Ошол үй ээлерин жакшы тергеш керек,туалет короонун ичинде болсо,кантип эле бирөөнүн короосуна кирип барып ыргытсын.кантип эле сезбей калышат.
+1
Aisuluu22
2017-08-07 15:59:40
fanatka19,туура айтасынар менда тан калып калдым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан