Орус алып баруучусу Андрей Малахов алгачкы ирет ата болуу алдында турат

Орусиянын Биринчи каналындагы “Пусть говорят” берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малаховдун кызматтан кетүүсүнүн себеби эми ачыкталды көрүнөт. Себеби шоумен алгачкы ирет “ата” статусуна ээ болуу алдында турат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тележылдыздын жубайы Наталья Шкулева кош бойлуу. Мындан улам Малахов карьерасын аз убакытка токтотуп, ымыркай бир аз торолгуча жанында болууну каалаган. Бирок бул пикири телеканалдын продюсерине жакпай же үй-бүлөсүн, же карьерасын тандашы керек болгон. Алып баруучу үй-бүлөсүн тандаган.

Учурда түгөйлөр бул тууралуу өздөрү билдирүү таратыша элек. Алдын-ала маалыматтарга караганда Малаховдун жубайы ушул жылдын ноябрь айында көз жармакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Azatbek83
2017-08-07 16:55:32
Туура биринчи уй-булоону тандаганы Азамат.
+1
Nazar76
2017-08-07 16:55:50
Малахов ошондо канча жашта наристелуу болду экен дейм
0
Azatbek83
2017-08-07 17:00:25
Nazar76,Андрей.Малахов. 1972 жылы туулган ошондо 45 жашта.
0
aszyma
2017-08-07 18:43:35
Аялы өзүнөн чоң көрүнөбү
+1
only_progress
2017-08-08 00:00:41
Бул себептен болбосо керек иштен кетип жатканы, скорее всего продюссери алмашканга болсо керек. Бирок 1канал лучший чем башка каналдарга караганда. Останкинодо эле калганы жакшы болчу(((
+1
surgeon777
2017-08-08 00:54:36
эми обьязательно аялдын жанында отуруш керекпи тиктешип?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан