СУПЕР ТВ: Кардарларды тартыш үчүн рэп айтып, байпак саткан окуучу

Медиа-порталдын "Супер ТВ" бөлүмү "Кардарларды тартыш үчүн рэп айтып, байпак саткан окуучу" сюжети менен толукталды.

Сюжетте 11 жаштагы Давид Дабаев өзүнүн өнөрү, базардагы иши тууралуу айтып берип, бир нече ырын аткарып берет. Ал өзү Бишкек шаарындагы №89-мектептин 5-классынын окуучусу. Каникулга чыгар замат Караколдун борбордук базарында агасына жардам берип иштейт. Кардарларды тартуу максатында өз өнөрүн колдонуп, рэп айтып байпак сатат.

"Мурун дарбыз сатчубуз, жакшы өтпөй калды. Анан байпак сата баштадык. Башында жакшы өтпөй жаткан. Рэп айта баштагандан тарта күндө сатылып жатат. Мени тааныгандар бар, ар дайым мага келип турушат", - деген Давид кумир катары Тимати жана MС_Doncha'ны тутат.

Тилекке каршы, ата-энеси ажырашып кеткен, апасы убактылуу иштебейт. Мындай жол менен Давид окуусуна кийим-кече алып, апасына да каралашат.

Сюжетти көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurik-95
2017-08-07 22:08:51
Адал эмгектин уяты жок ишиң илгерилеп чоң адам болуп өскүн
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан