Түркия "Евровидение-2018" ыр сынагына катышпайт. Бул тууралуу кечээ, 7-августта аталган өлкөнүн премьер-министринин орун басары Бекир Боздаг билдиргенин Нurriyet басылмасы жазып чыкты. Бирок ал эмне себептен катышпай тургандыгын ачык айткан эмес.
Белгилей кетсек, Түркия "Евровидение" сынагына 1975-жылдан тарта катышып, 2003-жылы түрк ырчысы Сертаб Эренер 1-орунга ээ болгон. Кызыгы 2012-жылдан тарта өлкө белгисиз себептерден улам өз ырчыларын аталган сынакка жибербей калган.