7-августтан 8-августка караган түнү Кыргыздар Айдын жарым-жартылай тутулуусуна күбө болушту. 2 саатка жакын убакытка созулган бул көрүнүштүн сүрөттөрү менен интернет колдонуучулар өздөрүнүн социалдык баракчаларына байма-бай бөлүшүп жатышты.
Белгилей кетсек, Жер Ай менен Күндүн ортосунда болуп, Жердин көлөкөсү Айдын жарым бөлүгүнө түштү. Бул кубулушту Европа, Азия, Африка жана Австралия континенттеринин көпчүлүк аймактарынын тургундары дагы көрө алышты. Назарыңарда социалдык тармактарга жүктөлгөн Айдын тутулуусунан сүрөттөр.