Лионель Месси Испаниянын тарыхындагы эң мыкты футболчу аталды

Испаниялык "Барселона" клубунун жылдызы Лионель Месси Испаниянын тарыхын изилдөө жана футболдук статистика борборунун версиясы боюнча өлкө чемпиондугунун тарыхындагы эң мыкты футболчу аталды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жалпы эсепте Испания чемпиондугунун биринчи оюнунан баштап 9280 оюнчу анализденген. Эсептөөдө ойногон мүнөттөрү, оюн учурунда жана пенальтиден киргизген голдору, автоголдор жана кызыл айып кагаздары эсепке алынган.

Эсептин жыйынтыгында Лионель Месси 545 упай алып 1-орунга ээ болду. 2-орунда 528 упай менен 1994-2010-жылдары "Реал Мадрид" футболдук клубунда ойногон Рауль Гонсалес жайгашкан. 3-орунду 524 упай менен 1939-1955-жылдары "Барселона" клубунда ойногон Сесар Санчес ээледи.

Кошумчалай кетсек, айтылган изилдөөдө "Реал Мадрид" клубунун футболчусу Криштиану Роналду 17-орунда жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tyty1990
2017-08-08 11:02:41
Фуу....
-4
Tima0304
2017-08-08 11:13:51
Испаниянын тарыхы боюнча эмес дуйнонун тарыхы боюнча дагы лучший футболист
+6
sharolli
2017-08-08 14:03:49
Tima0304,Чынында дуйно боюнча да 1-оорунда болсо керек
+3
Edward.14
2017-08-08 11:14:16
Азамат Месси
+4
nemo2016
2017-08-08 11:49:05
Чынында мыкты Месси
+2
ZHYRGAl1412
2017-08-08 14:50:34
Мессси месссси мессси
+2
USSRKG
2017-08-09 00:00:43
Месси Легенда
+1
Dosaaly
2017-08-09 01:26:58
Алга Месси
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан