Бишкекте кичи автобус катышкан жол кырсыгы болуп 4 адам ооруканага жеткирилди
Кырсыкка кабылган кичи автобус
Кичи автобусту эвакуатор жүктөп кетти
Кичи автобус жана БМВ унаасы
Кичи автобусту эвакуатор жүктөп кетти
21-майда саат 20:30 чамасында Бишкек шаарындагы Сүйүнбаев (мурдагы Карпинка) - Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде авто кырсык болуп, 4 адам ооруканага жеткирилди. Кырсык жүргүнчү ташыган кичи автобус, Хонда Одиссей жана БМВ үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болгон. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге келишип, иштин чоо-жайын териштиришти. Анда Хонда Одиссей унаасын ээсинен сурабай башка бирөөлөр үйдөн айдап чыккандыгы белгилүү болду. Ал эми ичинен бир нече жүргүнчүсү жабыркаган кичи автобусту эвакуатор жүктөп алып кетти. Ал эми ооруканага түшкөн жабырлануучулардын абалы азырынча белгисиз.