Президенттикке аттанып жаткан талапкерлердин 52си калды

Президенттикке аттанып жаткан талапкерлердин 52си калды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Марта Кыдыралиева, Муканбайжан Айманбаев, Камил Токтобаев көрсөтүлгөн күндөн баштап 5 календарлык күндүн ичинде шайлоо фондусун түзө албай калгандыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы аларды каттоодон баш тартты. Ошондой эле Роман Ремнев талапкерликке жаш курагы жетпегендиктен четтетилди. Буга чейин эки талапкер Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Анвар Сартаев мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырардын алдында президенттик шайлоого ат салышуудан баш тартышкан. Ал эми Куттубек Бешбаков жашы талапка жооп бербегендиктен четтетилген.

Эске салсак, БШКга жалпы 59 талапкер арызын берген. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан