Түркиянын Агры провинциясынын Иран менен чектешкен жерине бийиктиги 3 метр, узундугу 144 чакырымга жеткен тосмонун курулушу башталды. Түркия Иран менен чек ара тосмосун орното баштагандыгын чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, түрк бийлиги бул чечимин күрт жоочуларынан коргонуу максатында кабыл алгандыгын билдирген. Агры провинциясынын губернатору Сүлейман Элбан 8-августта курулуш иши менен таанышып чыккан.
Мындай тосмо мурда Түркиянын Сирия менен чектешкен жерине да курула баштаган. Буга чейин июнь айында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын Ирак жана Иран чек арасына тосмо дубал курула тургандыгын жарыялаган.