Америкалык ырчы Рианна түшүм жыйноого арналган майрамда өзгөчө кийинүүсү менен элдин көӊүлүн бурду

Акыркы айларда белгилүү ырчы Рианнанын толуп кетиши массалык маалымат каражаттарынын башкы темаларынын бирине айланып, талкууга алынып жаткан. Жакында ырчы өзү туулуп-өскөн Барбадос аралында жыл сайын өткөрүлүүчү "Crop Over" карнавалына ачык костюм кийип катышты.

Ал майрамда түшкөн сүрөттөрүн интернеттеги баракчасына жүктөгөн. Чачын көк түскө боёп, кымбат баалуу таштар менен тигилген купальникти кийген ырчынын сүрөттөрү бир күндүн ичинде 6 миллиондон ашуун "жакты" белгисин чогулткан. Ар дайым өзгөчө кийинип жүрүүсү менен, көпчүлүктүн көӊүл борборунда болгон Рианна бул ирет да элдин бүт назарын өзүнө бура алганын бир нече дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалымат үчүн: Салтка айланып калган карнавал кант камышынын түшүмүн чогултуу иштери аяктаганда өткөрүлөт. Майрам алгач 1687-жылы Барбадос аралы бир учурда шекер өндүрүү боюнча дүйнөдөгү ири өлкө болгондон тарта белгиленип келген. Кийин шекер өндүрүү солгундап, 1940-жылдардан соӊ түшүм жыйноо майрамы унутулган. 1974-жылы кайра жанданган майрамдык иш-чара учурда "Crop Over" фестивалы деп аталат. Анда кыздар бир нече таш, куштун жүндөрү жана башка аксессуарлар менен кооздолгон купальниктерди кийишет. Майрам Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтчү карнавалга окшош өтөт.

Рианна көптөн бери АКШда жашаганына карабай жыл сайын бул иш-чарага катышып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-09 10:32:55
Жылаңач жүрөм деп каражан капкара болуп кетиптир байкуш))
+4
Syn4y
2017-08-09 11:03:20
em4egi attyn bawyndai go
+7
Kanybek121195
2017-08-09 13:54:52
Саанын карасан екинчи суротто
0
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-09 14:22:09
Семирип ончо болбой калыптыр мурда жакшынакай болчу бул карадайы
+2
balykchy2012
2017-08-09 15:49:28
Албарсты го
+1
suban78
2017-08-09 16:38:27
Суйом го суйом, жааным го
0
HAPPY.GIRL
2017-08-10 03:13:02
Риана качан ак эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан