- Ѳкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Коомдук каналга берген маегинде “өкмөттүн башына алгач келгенимде ИДП 4,9 пайызга, өнөр жай тармагы 26,6 пайызга чейин түшүп кеткен эле, мындай көрсөткүчтөрдү жылдын жыйынтыгы менен ИДПны 3,8 пайызга жогорулата алдык, бул көрсөткүч мени кубандырды” деген пикирин билдирди. Бул көрсөткүчтөр канчалык реалдуу?
- Премьер-министрдин мындай пикирине негизинен макулмун. Өкмөт башчы келтирген фактылар чыркыраган чындык деп койсок жарашат. Ачыгын айтканда, ага чейинки премьер-министр деле жакшы иштеди, бирок анын көп чуркаганы менен ишинин натыйжасы аз болгон. Экономикабыздын түшүп кеткендиги факт. Ал эми өкмөт башына келген Сооронбай Жээнбековдун бир артыкчылыгы – ал популист эмес жана чарбада иштеп калган киши, айыл чарбасынын анык адиси. Кыргыз парламентине 3 ирет депутат болгон, өлкөбүздөгү ири облусту башкарган, айыл чарба министри болгон дегендей, башынан эле саясаттан алыс болуп, чарбачылык жумуштарды көп аткаргандыктан өкмөт башына келгенде эле мындай маселелердин күңгөй-тескейин карап туруп, ошого карата практикалык чараларды кабыл алды дагы, премьер-министр болгон бир жылдан анча-мынча өткөн анын башкаруу мезгилинде биздин эл чарбабыздын, ошонун ичинде айыл чарбанын, өнөр жайдын дагы өсүшүнүн темпинин жогорулаганы бул айта турган сөз.
- Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы өкмөткө жаңы келгенде экспорт 17 пайызга төмөндөп кетсе, быйыл бир жылдын ичинде экспорттун көлөмү 30 пайызга чейин көбөйгөнүн кыйытты. Өкмөт жетекчисинин мындай аргументтүү сандары менен макулсузбу?
- Жээнбековдун сөзүндө аргументи бар. Анткени чындыгында биз шашып, ЕврАзЭСке даярданбай туруп кирип алып, алгачкы жылдары экспорттун көлөмү 17 пайызга гана эмес, андан да төмөн деңгээлге түшүп кеткен болчу. Себеби бизде эч даярдык жок экен да. Бажы ачылышы болбой калып эле ызы-чуу болуп, ошонун артынан бир топ зыянга учураганбыз.
Сооронбай Жээнбековдун бир артыкчылыгы – айыл чарбаны билгендиктен болуш керек, премьер-министр болуп келери менен экспортту көбөйтүүнүн жолдорун издей баштады. Логистикалык борборлорду куруу, өзгөчө ветеринардык, фитосанитардык лабораторияларды куруу, мал союучу жайларды, кайра иштетүү өнөр жайларына жетекчи катары түздөн-түз көңүл бурду. Себеби аталган маселелерди ал жакшы билет да. Жогорудагы маселелерге көңүл гана бурбастан, айтылган иштерге карата каражатты бөлүп турду.
Менин эсимде бар, сырттан Казакстандан бизге берилчү 100 миллион доллар кечигип жатпады беле берилбей. Ошондо ал каражаттарды күтпөстөн туруп эле мамлекеттик казынадан лабораторияларды куруш үчүн 40 миллион сомду бөлүп койду дагы, анын арты менен түштүктө, Ысык-Көлдө, Таласта лабораторияларды куруу иштери жасалып жатат. Өзгөчө ал кайсы гана жыйын болбосун “эмне үчүн экспорт төмөндөп кеткен?” деп маселелерди коюп, талап кылып алды.
Дагы бир баса белгилөөчү жагдай, өкмөт башчы катары Сооронбай Жээнбековдун артыкчылыгы бул киши ЕврАзЭСтин жогорку деңгээлдеги жыйындарында ушул маселелерди кабыргасынан коюп, “эмне үчүн бизде биримдикке киргенден кийин тоскоолдуктар болуп жатат? Эмне үчүн картошка өтпөй, жашылчалар кайра келип жатат? Эмне үчүн ветеринардык көзөмөл алынбайт?” деген суроолорду кабыргасынан коюп, өкмөттүк деңгээлде жогорку комиссиянын жыйынынын күн тартибине эки ирет алып чыкты. Ошонун да таасири тийди окшойт, биримдиктеги өлкөлөр талылуу маселелерди жеңилдетип, быйылкы жылы экспорттун өсүшү кадимкидей байкалууда. Бул өсүштө өлкөбүздөгү чарбачылык ишкерлер, дыйкандарыбыз өздөрү дагы аракет кылышты, өкмөт дагы бул жаатта көп жумуш жасады. Негизи кайра иштетүү болмоюнча бизде экспорт эч качан көбөйбөйт. Чийки зат сата бергенден пайда жок, ошондуктан бул киши атайын токтом кабыл алып, кайра иштетүүнү аткарып жаткан кишилерди экспортту көбөйтүүнүн максатында мына азыр өкмөт тарабынан 3 жарым миллиард сом беребиз деп жатат. Болгондо да жеңилдетилген 6 пайыз үстөк менен беришерин айтышууда. Бул дагы экспорттун көбөйүшүнө каражаттык шартты түздү деп айтсак мен жаңылышпайм.
- Өкмөт башчысы маегинде айыл чарба жанданып, өзгөчө сүт сатуу 1,8 пайызга көбөйгөнү боюнча да кеп кылды. Бул жагына кандай пикир айта аласыз?
- Чындыгында экспорттон эң жакшы өтүп жатканы эле сүт болуп жатат. Анткени биздин өлкөдөгү сүт сапаты жагынан эң мыкты болуп, экинчи жагынан сүт боюнча кайра иштетүү, даярдоо, муздаткыч иштери башка азык-түлүктөрдүн түрлөрүнө карата түзүгүрөөк уюштурулган. Мурдагы совет доорунан келе жаткан система жакшы сакталып калган. Анын үстүнө сүт боюнча сертификат маселелери жакшы чечилди. Мына азыр 20га жакын сүт өндүрүүчүлөр эл аралык сертификат алышканын айтышууда. Сүт боюнча өкмөт жолду таап кетти. Бирок башка азык-түлүктөр боюнча, өзгөчө эт маселеси боюнча көйгөйлөр көп. Ушул көйгөйлөрдүн үстүнөн азыркы өкмөт мындан ары да иштеши керек.