Кытайдын эң жаш миллионер айымы 24 жашта

Кытайлык Чжан Цзэтянь аттуу айым 24 жашында миллионер деген макамга ээ болду. Chinese New Fortune журналынын версиясы боюнча ушул жылдын май айында ал Кытайдагы эң жаш миллионер айым деп табылган.

"Кытайда жеке өзүнүн эмгеги менен каражат таап, миллионер болгон айымдар көп. Бирок алардын ар биринин өзүнчө, бири-биринен айырмаланган ыкмалары бар", - деп жазат bigpicture.ru басылмасы Чжандын миллионерликке карай жолун баяндоодо. Чжан Цзэтянь адегенде өзүнүн өлкөсүнө интернетке жайгаштырган сүрөттөрү менен таанымал болгон. 2009-жылы анын чай куюлган чөйчөк кармаган сүрөтү эң көп "жакты" белгисин топтогон. Нэнси деген ат менен да белгилүү болгон Чжан 2011-жылы Кытайдагы алдынкы делген Цинхуа окуу жайына тапшырган. Кийин билимин Нью-Йорктогу Барнард колледжинде уланткан.

Бул шаардан Чжан болочок жолдошу, өзүнөн 19 жаш улуу Лю Цяндун менен таанышкан. Алар бир тайпада билим алган студенттербиз деп айтышып, ортодогу сүйүү мамилесин көп жылдар бою жашырышкан. 2015-жылы баш кошушканда гана көпчүлүк алардын сезимдери тууралуу билишкен. Түгөйлөрдүн учурда 1 кызы бар.

2014-жылы Чжан Нанкин шаарында өтө турган жаштар арасындагы Олимпиада оюндарынын жарнамалык ролигине тартылган. Бул видеодон кийин ага Чжан Имоу аттуу режиссёр "Учуучу канжарлардын үйү" деп аталган тасмада роль жаратууну сунуштаган. Бирок киноиндустриясындагы даңктан баш тартарын билдирген Чжан кино тасмаларга тартылууга чек койгон.

Чжандын күйөөсү Лю байлыгы боюнча Кытайда 16-орунду ээлесе, дүйнө жүзүндөгү бай адамдардын 174-сабында турат. Ал Кытайдагы JD.com деген интернет-компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Чжандын активдүү аракетинин натыйжасында JD.com компаниясы ири жетишкендиктерге ээ болгон. Жубайлар жалпысынан дүйнөдөгү 7 ишканага инвестор болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
monok2001
2017-08-09 16:45:53
Сулуулук да бар экен,миллионер айымда
+2
Abdullatif
2017-08-09 18:38:25
Сулуулугунда кумонум бар
0
jbolotov
2017-08-09 20:16:04
Ушул кыз аябай жагатда ). Куйоосуно суктанып кеттимго
0
AKCAHAT
2017-08-10 01:06:05
Куйоосу миллионер экен да)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан