Дайыр Исмадияров: "Үнүмдүн тембри өзүмө жагат. 100 деген балл берем"

"Кара көзүм" ыры менен таанылган эстрада ырчысы Дайыр Исмадияровдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги бир нече мүнөттөрдөн кийин башталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ырчыга байланыштуу суроолоруңузду берип, жооп алсаңыз болот. Ал эми оригиналдуу суроо жөнөткөн окурмандарга белектер ыйгарылмакчы.

Белгилей кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолоруңузга түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.

15:00. Дайыр Исмадияровдун SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучулардын билимди текшерүүчү суроолоруна жооп берди.

15:11. Жакында Таиланд өлкөсүнө барып келген ырчы: "Бул өлкөнүн тамак-ашы такыр жаккан жок. Баарына эле кыям кошо беришет экен. Бирок аралдары кооз. Ал жакта жүрүп, бир клипти тартып бүтүрүүгө жетиштик", - деди.

15:15. "Келинчегим менен ажырашкан жокмун. Убактылуу таарыныша кеткенбиз. Учурда баары жакшы, наристе күтүп жатабыз", - дейт ырчы.

15:18. Суроо: Келинчегиңиз Жанара эгиз төрөйт деп жатышат. Сиздин туугандарыңызда эгиздер барбы?

Жооп: Эгиздер төрөлүшү мүмкүн. Учурда уул деп күтүп жатабыз. Бирок кыз болобу, уулбу, төрөлгөн перзентти бактылуу кылууга аракет кылам.

15:22. Ырчынын "Аста, аста" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

15:30. Суроо: Алгачкы махабатыңыз эсиңиздеби? Мен сиздин биринчи сүйүүңүзмүн. Мени эстейсизби, бирге өткөргөн күндөрдө берген убадаларыңыз эсиңиздеби?

Жооп: 7-классымда мектепке жаңы кыз келип, экөөбүз экскурсияга чыкканда таанышканбыз. Ошентип анын сумкасына шоколад салып, кат жазып жүрдүм. Ошол алгачкы сүйүүм окшойт.

15:35. Суроо: Башка мырзалардан сизди өзгөчөлөнтүп турган сапатыңыз кайсы?

Жооп: Бул суроого досторум жооп бериши керек го дейм. Логикалык жактан айтсам, манжа издерим мени башкалардан айырмалап турат. Ал эми сырткы келбетимден көздөрүм башкалардыкына окшошпойт.

15:42. "Чыгармачылыкта досторум көп, бирок түнкү саат 3тө чалып, "мени алып кетчи" дей турган кан досум жок", - дейт ырчы.

15:47. Ырчы күйөрманынын суранычы боюнча "Кара көзүм" ырын аткарып жатып сүрдөнүп, сөздөрүн унутуп койду. Бирок көп өтпөй улантып кетти.

15:52. Суроо: Өзүңүздүн үнүңүзгө кандай баа бересиз?

Жооп: Менин тембрим өзүмө аябай жагат. Адам өзүн сыйлабаса, башкаларды дагы сыйлай албайт. Өзгөчө караокеде орусча чыгармаларды аткарганда үнүм жагымдуу чыгат. Демек, үнүмө 100 деген балл берем.

16:01. Суроо: Амир Аскаров менен "разборкаң" эмне болду? Чынын айтчы, эркекче барып мушташтыңбы?

Жооп: Ар бир киши адашат. Башка бирөөлөрдүн айтуусу боюнча, алардын таасири менен туура эмес ишке барышы мүмкүн. Ошондуктан бул жигитти ошондо эле кечирип койгом.

16:04. Окурмандын "кыздардан дагы өтүп кийимдерди жарнамалай бергенден уялбайсыңбы", - деген билдирүүсүнө ырчы төмөндөгүчө жооп берди.

"Биздин жумуш ушундай болуп жатпайбы. Азыркы учурда жашоо ушундай. "Мен сага ушуну берем, сен кийип сүрөткө түшүп кой" дегендей. Анын эмнеси жаман? Балким, мен кийимдерди жарнамалоо менен айрым адамдарга жардам берип жаткандырмын. Суроо берген адамга "сиз ушинтип суроо бергенден уялбайсызбы?", - дейт Дайыр Исмадияров күлүп.

16:14. Ырчынын түз эфирдеги маеги жыйынтыкталды.

"Үнүмдүн тембри өзүмө жагат, 100 деген упай берем"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Beka1986
2017-08-09 15:06:45
Канча отжимания жасай аласын?
-1
kychan.98
2017-08-09 16:54:45
Мага жагат ырлары
0
Pchelka85
2017-08-09 15:07:00
Саламатсызбы Даир. Келинчеги менен таарынышып журом дединиз эле. Жараштынызбы? Жашоодо, уй булоодо ар кандай майда барат кызы чуулар боло берёт,эркек катары кичине которумдуу болунуз. Аял кудайдын эркекке Берген аманаты деп коет го. Аманатка кыянат кылбаш керек. Биринчи аял кудайдан деп коет го.. Бактылуу болунуз. Чыгаомачылык ийгилик.
+1
shermambet
2017-08-09 15:08:39
Дайыр мырза саламатсынарбы супер инфо суроо. презденттик шайлоодо кайсыл мырзага добуш бересиз.
-1
Artur555
2017-08-09 15:17:23
Дайыр сен темада универсалсынбы же пассивныйсынбы? Суроого так жооп бер
-3
kyrgyz.kyzymyn
2017-08-09 15:19:27
Апаныз кайсы кылган ишиниз учун сыймыктанып "Бул менин уулум" деп кубанычы койнуна батпай суйунгон? Азыр апанызга чалып жакшы короорунузду айта аласызбы?
-1
Nuura
2017-08-09 15:26:59
Саламатсынбы Дайыр !Сага уй булолук бакыт каалайм,келинчегин аман эсен коз жарып ,алсын бактылуу уй булолордун ордун толуктап журушунорду чын журоктон каалайм!!!
0
Talantbargy
2017-08-09 15:28:22
Ассалоому алейкум Дайыр мырза,ден соолук,иштериниз жакшыбы?Суроо;1)Жашоодо эмнеге окунуп,эмнеге кубанасыз?2)Кайсы музыкалык аспапта ойной аласыз?
-1
engel
2017-08-09 15:30:34
Саламатсыздарбы? Дайыр мырза сиз озунузду профессияналдуу ырчымын деп эсептейсизби жана шоу бизнестеги эн сыйлаган адамыныз ким? Бироосун атасаныз
-1
Aijash90
2017-08-09 15:35:23
Дайыр салам.Бой көтөрүп жүргөн сага абдан жагабы же жашоонун ыгын амалкөйлүк жол менен тапса болобу бактылуу жашаш үчүн,баарыбыз биз ойлогондой боло бербейт го туурабы.Үй бүлөң менен башка бирөөлөргө кылган мамилеңи салыштырасыңбы мисалы мен Анжеликага жумшак сый мамилени неге келинчегиме жасабааайм деп???
0
maku88
2017-08-09 15:59:22
Ырдабай эле койчу брат
+15
Riokyrgyz
2017-08-09 17:42:40
maku88,кошулам,кошулам и ещё раз кошулам.Дагы ким кошулат.
+10
Tansuluu09
2017-08-09 16:05:43
Бийлеп беринизчи деспаситого ))))

Чон Рахмат
Коптогон ийгиликтерди багынтырыныз
-1
Farm94
2017-08-09 16:58:00
Өзүн мактаганды аябай жакшы көрөтда ушул ырчы
+5
talas0707
2017-08-09 18:36:37
менин унум деле жагат озумо, бирок елге жагабы ошол суроо?
+7
Kumarchik
2017-08-09 22:29:38
talas0707,туура айтасын биринчи элге жаксын
+1
taalay25
2017-08-10 10:51:02
Ыры да тарткан клиптеринин идеясы да жакбайт. Бир нерсеоерди эле ойлоп сценарий тузуп режиссерду да кыйнай берет. Оргиналдуулук, реалдуулук жок.
+2
aza84
2017-08-12 04:39:31
Вообще уну жок живой ырдаганын уксан жыгыласын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан