Ансыз аш аш эмес дешет. Ооба, дал ошол палоого өзгөчө даам берген зире тууралуу сөз болууда. Зире Баткенде да өсөрүн, баасы кытай зиресинен үч эсе кымбат экенин уктуңуз беле? Кыргыз тоолорунан терилген зирелердин баасы кымбат болорун 10 жылдан бери тамак-аш татымалдарын сатып келген Эрнис Шайкеев айтып берди. Ал зиреге болгон суроо талап жогору экенин билдирди.
"Зиренин эки түрү сатылат. Майдаланган түрүн көбүнчө самса, манты, шишкебек жасагандар алышат. Ал эми майдаланбаганын палоого кошушат эмеспи. Бишкектен атайын Орусиянын шаарларына алып кетишкендер бар. Бизге Кытайдан алып келинет. 1 килограммы 350-400 сомго бааланат. Бул жакта өстүрүүгө болбосо керек. Өстүргөндө деле чыгымды актабай калышы мүмкүн. Индия, Иранда да зире өстүрүшөт. Баткендин тоолорунда өскөн зире бааланат. Түсү кара болот. Тоолордо өзү өсүп чыккандыктан, жапайы зиренин жытын алыстан эле билип алса болот. Эми аз-аздан келе баштайт. 1 килограммы 1500 сомго бааланат. Аны атайын дарылыкка издеп келгендер бар", - дейт Шайкеев.
Зирени медицинада да колдонушат. Зире дандарында 4 пайызга чейин эфир майлары болот. Ал жүрөк-кан тамырларына жакшы таасирин тийгизип, инфарктын алдын алат. Табитти ачып, көздүн көрүүсүнө да пайдалуу жактары бар. Ошондой эле тамактын бат аш болуусун камсыздап, жөтөлдө жардам берип, ашказан-ичегидеги оорутууну басат. Зирени майдалап жаракат алган жерге май аралаштырып коюп, антисептикалык каражат катары пайдаланса болот.
Зирени татымал катары гана колдонбостон, чай катары да демдеп ичсе болот. Ал үчүн 1 чай кашык зиренин уругу 250 грамм кайнак сууга салынып демделет. 10 мүнөттөн соң сүзүп алып иче берсе болот. Мындай чай ичтеги газды айдап, ичтин көпкөнүн жоготот. Грецияда балдардын ичегилери ооруганда зиреден чай демдеп беришкен.
Зирени (илимий аталышы Cuminum cyminum) Иран, Индия, Сирия, Пакистан жана Түркия өлкөлөрү өндүрүп, сатыкка чыгарышат.
Зире Индия ашканасындагы негизги татымалдардын бири. Көбүнчө күрүчтөн, жемиштерден жана эттен жасалган тамактарга кошулат. Тамакка кошор алдында зиренин уруктарын кууруп алып, майдалашат. Европада да зиренин майдаланган түрүн колдонушат. Тажик жана өзбек ашканасында зирени палоо, шорпо, ундан жасалган азыктарга кошуп келишет.
Зире Баткен облусунун Кадамжай районунун тоолорунда көп өсөт.