SUPER.KG порталы өлкөдө жаш энелердин өз балдарынан баш тартып, өлүмгө кыйгандыгынын себептерин, статистикасын жана ташталган балдардын азыркы абалын иликтеп көрдү.
КЫШТЫН КЫРААН ЧИЛДЕСИНДЕ ДААРАТКАНАГА ЫРГЫТЫЛГАН МАРС 1 ЖАШ 7 АЙГА ТОЛДУ
2016-жылдын 27-январь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда үрөй учурган окуя катталган. Ал күнү түн ичинде көп кабаттуу үйдүн жашоочулары даараткананын ичинен жаңы төрөлгөн ымыркайды алып чыгышкан. Көп өтпөй өз баласын өлүмгө кыйган энеси табылып, "Дааратканада толгоом келип төрөп салдым" деп айткан. Бирок тергөө ал баласын атайылап ыргытканын аныктаган. 1992-жылы туулган келинге Токтогул РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «жаӊы төрөлгөн баланын өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Токтогул райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Максатбек Нактаев бул боюнча мындай дейт: "Дааратканадан аман куткарылган ымыркайга Марс деген ысым ыйгарылган. Марстын апасы энелик укуктан ажыратылган эмес, бала кайрадан апасына өткөрүлүп берилген. Колунда баласы бар болгону үчүн ал келин шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылган. Марстын апасы мурда турмушка чыгып бир бала төрөгөн. Турмуштан ажырашкандан кийин өзүнүн апасы менен жашап жаткан. Марс учурда таенеси, апасы жана бир тууганы Байболсун менен жашайт. Кадимки 1 жаш 7 айлык балдар сыяктуу эле басып калган, өрчүүсү жакшы эле. Бул үй-бүлөнүн турак жайы жок, батирде жашашат. Бизден атайын бир кызматкер балдардан кабар алып турат".
3 КҮНДҮК КЕЗИНДЕ КӨЧӨГӨ ТАШТАЛГАН НАРИСТЕНИ ЖАШОО ШАРТЫ ЖАКШЫ ҮЙ-БҮЛӨ БАГЫП АЛГАН
Өткөн жылдын 3-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Өзгөн районунда көчөдөн 3 күндүк ымыркай табылган. 26-сентябрда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев баланы таштаган эне табылганын кабарлаган.
"Окуя болгондон кийин эле баланы асырап алууну каалагандар чыккан. Арадан 3 күн өтүп, ымыркайдын энеси туугандары менен кайрылып, баланы кайтарып алууну көздөп жаткандыгын билдиришкен. Баланын энеси 1994-жылы туулган. Ал турмушка чыкпагандыгын, ымыркай никесиз төрөлгөнүн билдирген. Тууган-уругунан муну жашыруу үчүн ушул кадамга барган", - деп билдирген анда Ашырбаев.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө апасы баланы көчөгө таштап коюп, өзү обочороок жерде карап тургандыгы белгилүү болгон. Бул аракетин жаш эне баласына кимдир бирөө зыянын тийгизип коюусунан коргогом деп түшүндүргөн.
"Кылмышты териштирүү учурунда төрөгөн апасы баласын таштабагандыгын айтып берген. Ал баланы башка адамдар таап алганга чейин обочороок жерде карап турган. Буга байланыштуу кылмыштын курамы жок делип кылмыш иши токтотулган. Бул баланы Өзгөн районунун аймагында жашоо шарты жакшы үй-бүлө багып алган. Тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө, анын жетилүүсү, баары жайында. Баланын келечеги үчүн багып алган үй-бүлөнүн да, баланын да аты-жөнү айтылбайт. Ал эми аны төрөгөн келин учурда Орусияда", - дейт Ашырбаев.
ДААРАТКАНАГА ТАШТАЛЫП, ҮСТҮНӨ ЧОҢ ТАШТАР ЫРГЫТЫЛГАНДАН КИЙИН АМАН КАЛГАН АМАНГҮЛ АЗЫР 4,5 ЖАШТА
2013-жылдын 5-февралынан 6-февралына караган түнү, болжол менен саат 1лер чамасында Бишкек шаарынын Куткаруу кызматына борбор калаанын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанындагы дааратканада наристенин ыйлап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. ӨКМнын куткаруу кызматкерлери ошол замат айтылган дарекке келишип, адамдын акылына сыйбаган окуяга туш болушкан. «Күкүк эне» ымыркайын даараткананын чуңкуруна таштап кетиптир. Өз кезинде куткаруучу Теңизбек Масылбеков төрөгөн келин ымыркайды өлтүрүү үчүн анын үстүнө баланын көлөмүнөн чоң таштарды ыргытканын айтып берген. Баланын үнү бир канча убакытка чейин басылып калганда "өлдү" деген ойдо үйүнө кирип кеткен. Бирок ымыркайдын энесинин кара өзгөй тилеги орундалбай, келиндин коңшулары, куткаруучулар тарабынан аман сакталып калган. Ал дароо ооруканага жеткирилген. Медицина кызматкерлери аны Амангүл деп атап алышкан.
"Амангүл ооруканадан чыккандан көп өтпөй эле Бишкек шаарындагы Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу соттун чечиминин негизинде асырап алууга берилген. Багып алгандардын жана Амангүлдүн жаңы аты-жөнү тууралуу айтылбайт. Бирок ал кыз учурда 4 жаш 7 айга толду, өрчүүсү, жетилүүсү баары жайында", - деп билдиришти ал тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен.
АЛАБАЙ ПОРОДАСЫНДАГЫ ИТТИН ИЧИНЕН ДЕНЕ МҮЧӨЛӨРҮ ЧЫККАН ЫМЫРКАЙДЫН ЭНЕСИНЕ 1 ЖЫЛ СЫНОО МӨӨНӨТҮ БЕРИЛГЕН
2016-жылдын 26-март күнү Талас шаарындагы үйлөрдүн биринин короосунан айрым дене мүчөлөрү жок, жансыз абалдагы ымыркайдын денеси табылган. Ымыркайдын айрым мүчөлөрү ташталган үйдүн ээсине таандык алабай породасындагы итти сойгондо ичинен чыккан. Ошол жылдын 4-апрелинде баланын энеси делип 25 жаштагы келин кармалган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган келин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Талас шаардык сотунун төрагасы Азирет Медеровдун маалыматына ылайык, Талас шаардык сотунун өкүмү менен баласын төрөп таштап кеткен бул келин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган.
"КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесин колдонуу менен жазадан шарттуу бошотулуп, 1 жыл сыноо мөөнөтү белгиленген", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, ымыркайды энеси Талас шаарындагы 2 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнүн тепкичинин жанында төрөп, киндигин жарымынан кесип, өзүнүн кызыл түстөгү халатына ороп, үйдүн астындагы ээн жерге таштап кеткен.
Дагы бир зээнди кейиткен көрүнүш ушул жылдын 4-июнь күнү саат 18:45 чамасында Ноокат районунда катталган. Анда аймактык тескөөчүлөр райондун Төөлөс айылындагы адырдагы чуңкурдан оң колу жок баланын жансыз денесин табышкан. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдалгандай, ымыркайдын колун жырткычтар жеп кеткен.
"Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, иликтөө иштери жүргүзүлдү. Бирок 2 айылды тең текшерип чыкканда экспертизанын жыйынтыгына дал келчү жаш энелер табылган жок. Буга байланыштуу козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Баланы башка аймактардан келген бирөө таштап кеткен деген божомолдор бар", - деп айтылат Ош ОИИБинин маалыматында.
2011-ЖЫЛДАН БЕРИ ӨЛКӨГӨ ОРУСИЯДАН 72 ТАШТАНДЫ БАЛА АЛЫНЫП КЕЛИНГЕН
Жакында эле Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн дааратканасынан табылган ымыркайга Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын дарыгерлери Даткайым деп ат коюшту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы билдирди. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлангандай, ушул жылдын 7 ай ичинде өлкө аймагында баласын багуудан баш тарткан 87 факт катталган.
"Мындай ата-энелер балдарын кимдир бирөөнүн короосуна таштап кетишет, багууга беришет, арасында дааратканага, ээн талаага да ыргыткандар бар", - деп айтылат министрликтин маалыматында. Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда ымыркайлар үйүндө 82 бала багылып жатканын маалымдады. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ахматова мындай абалга өлкөдөгү жумушсуздук менен миграция башкы себеп болуп жаткандыгын айтты.
"Учурда жумушсуздуктун айынан ички миграция күчөдү. Жапжаш кыздар жумуш издеп борбор шаарга же башка шаарларга кетишет. Ар кандай адамдарга кабылып, боюна бүтүп калгандан кийин төрөтүн ата-энесинен жашыруу үчүн ушундай кадамдарга барып жатышат. Акыркы 6 жылдын ичинде Орусиядан энеси таштап кеткен 72 бала алынып келинген. Анын ичинен 8 бала өзүнүн энесине кайра берилген болсо, 38и багып алууга, 6 бала убактылуу камкордукка алынган. 20 наристе балдар үйүндө багылып жатат. Балдар үйүндө багылып жаткан балдардын айрымдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, оор абалда. Биздин максат - ар бир баланын өзүнүн ата-энеси менен өсүүсүн камсыздоо болгондуктан, балдар ташталгандан кийин жаш эне жана анын ата-энеси менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Алданып, зордукталып же жаштык кылып төрөп алган жаш кыздар мындай абалдан кийин өз өмүрүнө кол салбаш үчүн кайра баланы кайтарып берүү аракеттери кылдаттык менен жүргүзүлөт", - деди Ахматова.
Эгер баланы таштап кетишсе тиешелүү кызматкерлер ымыркайдын энесин таап, кайтарып берүү үчүн 6 ай күтүшөт. Бул убакыт аралыгында энеси табылбаса же табылып баласын кайтарып алуудан баш тартса багып алууну каалагандарга соттун чечими аркылуу асырап алууга берилет.
Жогоруда келтирилген статистика ачыкка чыккан гана фактылар. Дагы канча ымыркай жырткычтардын, иттердин "азыгына" айланды, канчасы дааратканадагы заңды "мүрзөгө" айлантты, бул таштап кетип, айыбы ачылбай калган энелердин өзүнө гана маалым. Өткөн жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз өлкөсүнүн аймагында "бэби-бокс" же таштанды ымыркайлар үчүн атайын контейнер орнотууну пландаган. Бирок кыргыздын салт-санаасына туура келбегендиктен бул план ишке ашпагандыгын аталган министрликтен билдиришти.