ЖЫЛНААМА, 9-АВГУСТ: 1945-жылы америкалыктар Нагасаки шаарына экинчи атом бомбасын ташташкан

Мындан 72 жыл мурун Хиросимага атом бомбасы ташталгандан 3 күн өткөн соң 1945-жылы 9-августта америкалыктар "Семиз" аталган бомбаны Нагасаки шаарына таштаган.

Америкалыктардын негизги бутасы Кокура шаары эле. 9-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:50дө Кокура шаарына учуп барган учак шаардын үстүндөгү булуттардын айынан бомбаны таштай алган эмес. Саат 10:32де учак Нагасакини көздөй бет алган. Аны япониялыктар чалгындоочу учак катары кабыл алып, аба тревогасын беришкен эмес. Бомба саат 11:02де 500 метр бийиктикте жарылган. Жардыруунун күчү Хиросимадагы жардыруудан күчтүү болгону менен, так бутага алынбагандыктан залалы азыраак болгон.

Жардыруу болгон күнү 70 миңдей адам өлгөн. Шаар жер менен жексен болгон.

Нагасаки шаарына бомба таштаган учкуч Чарльз Суини 2004-жылы АКШда каза болгон. Ал 1995-жылы журналисттерге: "Мен буга өзүмдүн милдетим катары мамиле кылгам. Жөн гана согуштун бүтүшүн, үйгө жакындарыбыздын жанына кайтып келишибизди каалагам", - деп билдирген.

Нагасаки Экинчи дүйнөлүк согушта өндүрүш борбору болгон. Шаарда курал-жарактар, бомбалар, кемелер жасалчу.

9-августтун жылнаамасы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sirgak_92
2017-08-09 20:01:12
72000 адамды олтургон кантип жашады болду экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан