Япониянын Масако Вакамия аттуу 82 жаштагы жашоочусу биринчи жолу компьютерди 60 жашында колдонгон. Анын компьютердик программалоого кызыгуусу артып, улгайган адамдар үчүн оюн ойлоп табууну көздөгөн.
Масако Вакамия бул ниетин ишке ашырып, мобилдик телефондор үчүн оюн тиркемесин ойлоп чыгарды.
"Hinadan" оюнун ойлоп табууда мага япондордун салтка айланган куурчак майрамы шык берди. Мен өзүм түзгөндөрдү текшерип чыктым. Куурчактар сүйлөп, кыймылдап жатышты. Абдан таң калдым. Көпчүлүгү карыялар оюнга кызыкпайт деп ойлошот, бирок биздин да алаксыгыбыз келет. Мен түзгөн оюн 60 жаштан жогорку курактагыларга кызыктуу", - деген ал.
Эми Вакамия өзүнүн тажрыйбасын башка улгайган жарандар менен бөлүшүүнү кыялданууда.