21-май күнү Баткен облусуна караштуу Карабак айылындагы чек ара бекетинен Тажикстанга аткезчилик жол менен 120 тонна күйүүчү май ташып бара жаткан кыргыз жарандары колго түштү. Күйүүчү май 3 оор жүк ташуучу унаада болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Күйүүчү майдын болжолдуу суммасы 5 миллион сомду түзөт. Кармалган адамдар тиешелүү документтери менен кошо УКМКга өткөрүлүп берилгени белгилүү болду. Окуяны териштирүүнү аталган мекеме улантат.