Ирандын президенти вице-президенттик кызматтарга аялдарды дайындады

Иран Ислам Республикасынын вице-президенттик кызматтарына аялдар дайындалды. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча вице-президент болуп Масумех Эбтекар дайындалса, Лайя Жонейди юридикалык маселелер боюнча вице-президенттик кызматка ээ болду.

Мындан тышкары Шахиндохт Молаверди деген аял Руханинин жарандык маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.

"Ирандын президенти Хасан Рухани мурунку жетекчилерге караганда аялдардын укугуна жакшы көңүл бурганы менен, анын президенттик кызматтагы биринчи мөөнөтүндө бир дагы аял-министр болгон эмес", - деп жазылат маалыматта.

Учурда Иран гендердик теңдик боюнча 148 мамлекеттин ичинен 107-орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан