ЖЫЛНААМА, 10-АВГУСТ: 14 жыл мурун адамзат тарыхындагы эң алгачкы "космостук үйлөнүү" болгон

Орусиялык космонавт Юрий Маленченко менен орус улутундагы АКШнын жараны Екатерина Дмитриева үйлөнүү аземин космосто өткөрүшкөн. Бул адамзат тарыхындагы эң алгачкы "космостук үйлөнүү" болуп калган.

Кызыгы кыз жерде, жигит орбитада эле. Эл аралык космостук станция Жер планетасынан 350 чакырым бийиктикте учуп жүргөндүктөн жигит ошончо алыстыкка карабай үйлөнүү үлпөттү өткөрүүнү чечкен.

Алар экран аркылуу бири-бирине карап нике шакектерин салынышкан. "Үлпөт тойдо" Екатерина Дмитриева жолдошунун сүрөтү түшүрүлгөн чоӊ плакат менен сүрөткө түшкөн. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууну жараткан. Кийин Юрий Жерге кайтып келген соӊ Орусияда никеге турушкан.

10-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zavi95
2017-08-10 09:51:31
Апенди
0
nazira...
2017-08-10 10:03:58
Тооба, чыдабай калышты бекен. Куто турса аман-эсен келсе деле жетишет эле го баарына. Анан не болду экен учуп келген бекен анысы, дальше жазбаптырсынар да
0
admin_superstan
2017-08-10 12:53:57
nazira..., саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
tursunbaev78
2017-08-10 12:54:30
Автор 350 чакырымбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан