Ырчы Дайыр Исмадияров менен куудул Назира Жетигенованын аткаруусундагы “Жеңеке” дуэтине тартылган клип медиа-порталга жарыяланды. Буга чейин такыр тамашалуу клип тартып көрбөгөнүн айткан ырчы Дайыр Исмадияров тартуу иштери жөнүндө SUPER.KG`ге айтып берди.
"Клипти Нурсултан Кубатов деген клипмейкер тартып, режиссёрлукту өзүм аркаладым. Сценарийи да мага таандык. Негизи көптөр клиптин маанисин жакшы түшүнбөй, “ушундай да болмок беле?” деп айтып чыгышы мүмкүн. Биз болгону элге жагымдуу маанай тартуулап, тамашалуу кылып берүүгө аракет жасадык. Тартуу иштерине 2 күн кетти. Клиптин баш каармандары Назира эже экөөбүз. Биз алгач сценарийди даярдап алып, андан соң съёмкага киришкендиктен, бардык эпизоддор дароо биринин артынан бири тартылып, эч кандай кызыктуу же күлкүлүү окуяга кабылган жокпуз. Болгону жеңенин образын кантип чагылдырууну билбей, ага ылайыктуу кийим издөө гана бир аз кыйынчылык жаратты”, - деди ырчы.
Дайыр Исмадияровдун "Жеңеке" клибин бул жерден көрө аласыздар.