Белгилүү америкалык актёр Леонардо Ди Каприо илбирсти коргоого чакырды

Белгилүү америкалык актёр Леонардо Ди Каприо илбирсти коргоо боюнча петицияга кол коюуга чакырып өзүнүн интернеттеги баракчасына билдирүү калтырган.

Жапайы жаныбарлардын жашоосу дүйнөлүк фонду илбирсти коргоо боюнча петиция жарыялаган. Анда: "Август айында Кыргыз жеринде илбирс байырлаган 12 өлкөнүн лидерлери чогулат. Алар илбирстерди сактоо боюнча көрүнүктүү кадамдарга баруусун айталы #SaveSnowLeopards. Петицияга кол коюңуз", - деп жазылат.

Айта кетсек, 24-25-август күндөрү Кыргыз мамлекетинде илбирсти жана экосистемди коргоо боюнча форум өтөт. Ага 12 мамлекеттин башчылары, эл аралык уюмдар, жаратылышты коргоо боюнча илимий мекемелер жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр катышат. Быйыл форумга актёр Леонардо Ди Каприонун келиши мүмкүн экени айтылган.

Иш-чаранын максаты илбирс байырлаган мамлекеттердин илбирсти коргоо боюнча жасаган аракеттерин күчтөндүрүү жана эл аралык колдоого чакыруу.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргыз жериндеги илбирстердин саны болжол менен 500 болгон. 2013-жылы өлкөдө илбирстин тукумун сактап калууга өзгөчө көңүл бурула баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан