20-майда АКШнын Оклахома штатында башталган торнадо 45 мүнөткө созулуп, 90дой адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын ичинен 24ү жаш балдар болгон жана 200дөй жаран ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилгендиги кабарланды. Мындан сырткары катуу куюндун кесепетинен жүздөгөн имарат, автоунаалар кыйроого учураган. Тийиштүү органдардын маалыматы боюнча, куюндун ылдамдыгы саатына 320 чакырымга жетип, аталган штаттагы Мур шаарчасы толугу менен кыйрады. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кырсыктын айынан келтирилген чыгым 3 миллиард доллардан ашык. Учурда шаардагы уранды калдыктары толук тазалана элек, мындан улам адам өлүмүнүн саны дагы да көбөйүшү мүмкүн экендигин айтышууда адистер.