3-апрелде Максим Бакиевдин жактоочусу Биринчи Май райондук сотуна апелляциялык арыз жазып, М.Бакиевдин иши 14-майда Бишкек шаардык сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 22-майда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, 26-мартта Биринчи Май райондук соту экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыраткан. Мындан сырткары "анын мүлкү конфискацияланат" деп белгиленген. Айта кетсек, М.Бакиев 2007-жылы мыйзамсыз түрдө Ысык-Көл облусундагы “Витязь” пансионатынын 9,32 гектар жерин өзүнө менчиктештирип алган. Мунун айынан мамлекетке 123 498 700 сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле ал “Түндүк электр” ишканасын 135 700 000 долларга сатууга аракет кылган деп айыпталууда.