SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө колдонуучулар өздөрүнүн ыңгайсыз абалда калган, күлкүлүү окуялары менен "Уялганымдан жерге кирип кетким келди" деген темада бөлүшүшкөн.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кыштын күнү. Жер аябай муз болчу, көчөгө чыксам коңшу бала үч-төрт досу менен туруптур. Мага тийишип "чоң кыз, сиз менен таанышып алса болобу?" десе акшыйып карап, өзүмчө кыйын болуп алардын жанынан өтүп кеткем. Эки-үч кадам таштаганда эле тайып эки бутум асманды карап, чалкаман түштүм. Сумкам бир жакка, өзүм бир жакка, баш кийимим кыйшыйып, көзүмдү жаап калды. Анысы аз келгенсип, баштыгымдын оозу ачылып, дүнүйөмдүн баары туш-тушка чачырап кетиптир. Бир жигит аларды жыйнап жүрөт, бирөөсү келип, баш кийимимди оңдоп "сизге эч нерсе болгон жокпу?" деп сурап коёт. Үйгө кайра кирип кеттим, бир жерге бармакмын, уялып чыга албайм же алар кетишпейт.
Кээде ойлоп "тушоомду кестиңер беле?" деп апамдан сурап коём. Дагы бир жолу дос кызымдын үйүнө баргам. Ал бир досу менен тааныштырган. Кетип баратсам тиги жигит узатып коёюн деп чыкты. Жер баткак, жаз, күндүз эле эки колумду чөнтөгүмө салып алып, кыйын болуп бараткам. Бутум зымга илинип, бетим менен жерге сайылдым. Таянып калайын деп эки колумду чөнтөгүмдөн чыгарганга жетишпей калдым. Мен өзүм ичим эзилип күлүп жатам, тиги жигит эмне кыларын билбей жаман болду. Мен кеткенден кийин аябай күлсө керек".
"Эки-үч жыл мурун дос кызым экөөбүз караокеде эс алып жүрөбүз. Эми кетели деп жатсак, эки жигит келип бизге кошулуп калышты. Алар менен таанышып, бир кружкадан пиво ичип, биз аларга чейин эле ичип отурганбыз, калгыла дегенине карабай кетип калдык. Үйгө кетип баратсам чөнтөгүмдөн рингтону башкача телефон чырылдайт. Түшүнбөй карап туруп, тааныш эмес номер, тигилерге номер таштагандай деле болгон жок элем деп трубканы алып "ким бул?" деп жинимди келтирип алгам. "Чоң кыз телефонду кайтарып бериңизчи" дейт. Көрсө, тигилердин телефонун алып кетип калыптырмын. Менин телефонумдун эле башка түстөгүсү экен. Өзүмдө эки телефон бар болчу, тигиникин дагы салып алыптырмын, эмнеге чөнтөгүм оор деп койгом. Анан "ай, кечирип коюңуз" деп кайтарып бергем".
"Шефим эле жинге тийип кээде ишемби күндөрү деле жумушка чык дей берет. Анан жаман оюмда азыр чалса көчөдө жүрөм дейм деп ойлодум. Үйдө жатам, бир маалда коңгуроо келди, алсам айткандай эле шефим экен. "Жумушка чык" десе мен "жок, мен көчөдө жүрөм" деп жатпаймынбы. Ал "а-ай, мен сенин үй телефонуңа чалдым го" десе, кирерге тешик таппай калбадымбы. Mен байкабай эле көчөдөмүн деп "ышкырта" берипмин да".
Күлкүлүү окуяларыңыз менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.