Италиянын "BPM" банкы интернетте 2016-жылы жай мезгилинде өзүнүн бийлегени менен атактуу болгон миллионер Жанлука Ваккинин мүлкүн арестке алганын чет элдик басылмалар бүгүн, 10-августта жазып чыгышты.
Маалыматтарда Вакки 2008-жылы алган 10 миллиондук насыянын эсебинен каржыланган бир нече яхта, вилла, гольф-клубунан айрылганы айтылат. Насыя алгандан бери миллионер 2 жолу 2 миллион евродон төлөгөн. Бирок 2015-жылы соӊуна чыккан мөөнөт аралыгында 3-жолу төлөмдү жапкан эмес.
Жергиликтүү басылмалар Вакки туугандарына тиешелүү компанияларды башкаруу боюнча жарытылуу эмгектенбей турганын, болгону өзүн социалдык тармактарда көрсөтүү менен алек экенин жазышат.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын июль айында социалдык тармактарда "50 жаштагы миллионер укмуш бий көрсөтүптүр" деген аталыштагы видео популярдуу болгон. Андан көп өтпөй эле орусиялык алып баруучу Андрей Малахов кезектеги көрсөтүүсүн "бийлеген миллионер" атыккан Жанлука Вакки жашаган Италиянын Болонья шаарындагы үйүнө барып, анын жашоосу, эмне менен алектенери тууралуу маек курган.