21-май күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 33-чакырымында жол кырсыгы болду. Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Хилоу Анвар рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада айдоочу менен 1 жүргүнчү жабыркап, Ивановка айылындагы ооруканага жеткирилди. Ушул эле күнү Суусамыр өрөөнүндөгү Көкөмерен суусуна бир унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоо борборунан 7 куткаруучу барып, унааны чыгарышкан. Кырсыктын себеби такталууда.