21-майда Бишкек шаарынан 12 жаштагы Нурида К. аттуу кыз “акча уурдады” деп шектелип кармалганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Баштыгынан акча жана паспорту уурдалганын айтып 21 жаштагы Салтанат З. аттуу айым милицияга кайрылган. Мындан улам укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүү катары аталган мектеп окуучусун кармашып, анын ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ал эми Нурида Биринчи Май РИИБинин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын каттоосуна алынды.