Бүгүн, 10-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий комплексинде "Айтматовдун чыгармаларын барактап" аттуу таштан жасалган скульптуралар боюнча симпозиум өттү. Кыргыз скульпторлоруна колдоо көрсөтүү, улуу жазуучубузду даңктоо максатында уюштурулган иш-чарага коомдук ишмерлер, Айтматов таануучу, академик Дөөлөтбек Шадыбеков, Чолпон-Ата шаарынын мэри, район акими жана башка коноктор катышып, жазуучуну эскеришти. Ошондой эле 10 кыргыз скульпторунун Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арнап жасаган эмгектери ачык асман алдындагы музейге коюлду.
Симпозиумдун уюштуруучуларынын билдиргенине караганда, буга чейин скульпторлор арасында сынак жарыяланып, 40 катышуучунун 10унун эмгеги мыкты делип тандалып алынган. Бийиктиги 2 метрден 7 метрге чейин жеткен таштан жасалган скульптуралардын ар биринде терең философиялык маани жатат.