"Кухня" сериалынын жылдызы Елена Подкаминская экинчи ирет эне болду

"Кухня" сериалынын жылдызы, 38 жаштагы орус актрисасы Елена Подкаминская экинчи жолу эне болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Маалыматта актриса 3-август күнү Москвадагы элиталык клиникалардын биринде сүйүктүүсү ишкер Денис Гущинге кыз төрөп бергени айтылат.

Подкаминская жагымдуу кабары тууралуу интернеттеги баракчасына "Жуманын жашоосу... Кыз... Ева, Эва, Ив... Биздин назик сүйүү. Керемет", - деп жазган.

Белгилей кетсек, актриса кош бойлуу экенин ушул жылдын май айында тастыктап, бирок анын атасы, жеке жашоосу тууралуу маалымат берген эмес. Бирок бир нече басылмалар баланын атасы ишкер Денис Гущин экенин, ал курулуш тармагында эмгектенерин, түгөйлөр бир жыл мурун таанышканы тууралуу маалыматтарды таап чыгышкан. Буга чейин Подкаминская 2008-жылы ишкер Александр Пляцевке турмушка чыгып, 2010-жылы кыздуу болгон. Бирок 2015-жылы ажырашып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан