Түркияда Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген шек менен 35 журналист кармалды

Түркиянын Стамбул шаарынын прокуратурасы тарабынан оппозициячыл дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деген шек менен 35 журналист кармалды. Бул тууралуу Түркиянын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кармалган журналисттер ByLock программасын колдонушкан. Түрк бийлиги бул программа Гүлендин уюму жашыруун маалымат алууда колдонулган деп билдирген.

Кармалган журналисттердин жашаган жери тинтүүгө алынган.

Айта кетсек, өткөн жылдын 15-июлдан 16-июлга караган түнү козголоңчулар Түркияда бийликти басып алууга аракеттенген. Бирок алардын аракети ишке ашпай, мамлекеттик төңкөрүштө 290 адам мерт болуп, козголоңду уюштурууга тиешеси бар делип 26 миңдей адам кармалган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Бирок дин аалымы көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан. Гүленди кайтаруу боюнча Түркиянын өтүнүчүн Америка дагы деле аткара элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
RusMos76
2017-08-11 11:01:12
Чубак ажы да жолугуп келди беле.
0
meni_kut
2017-08-11 12:16:15
Туркиянын саясаты бизге тиешеси жок.Атамбаев озу айткан,Чубак ажы жеке атуул катары кимге жолугаарын озу билет деп.
+4
Jaloshtalnarisbatchui
2017-08-11 16:00:26
Фетхуллах Гулен терроризмге каршы курошуп келет...Эрдоган ИГИЛдин спонсору
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан