Баткенден зыяратчылар Мединага учуп кетишти, Ош шаарынан ажылыкка кеткендер Меккедеги жатаканага жайгаштырылды

Кечээ, 10-августта Ош шаарынан зыяратчылар ажылык сапарга учуп кетишкен. Учурда кыргыз зыяратчылары Мединадан Мекке шаарындагы Даур Кудей районундагы Якупбек мейманканасына келишип, аларды Маварау Нахр бирикмесинин кызматкерлери зам-зам суу, курмалар жана таттуу шириндиктер менен тосуп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдалды.

"Зыяратчылар абдан жакшы маанайда келишти. Муфтияттын ажылыкты уюштуруу боюнча штаб мүчөлөрү зыяратчыларды тосуп алышып, Якупбек мейманканасынан берилген бөлмөлөргө жайгаштырышты", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми бүгүн, 11-августта Баткен облусунан зыяратчылар Медина шаарына учуп кетишти. Баткен облусундагы зыяратчыларды Ош эл аралык аба майданынан узатууга Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса Жолдошов жана Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев келишип, өздөрүнүн накыл кептерин, ажылыктын шарттарын, коопсуздук эрежелерин айтышып, Сауд Арабиянын мыйзамдарын так сактоого чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан