"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 3 жолку "Жылдын мыкты ырчы мырзасы", "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков бүгүн, 11-августта 31 жашка толду. "Сени гана" ырын ырдап чыгып, аз убакыттын ичинде популярдуулуктун чокусун багындырган ырчы кантип ийгиликке жеткенин төмөндөн окуңуз.
Атадан уулга өткөн талант
Мирбек Атабеков 1986-жылы Талас районундагы Жон-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 6-класска чейин аталган айылдагы мектепте билим алып, андан кийин Бишкекке көчүп келип, №50-мектеп-гимназиясында окуп калган. 9-классты аяктаганда кафе жана ресторандарда ырдай баштаган. Мектепти бүтүргөн соң Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырган. Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, финалчы болгон. 2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдынкы орундарга чыга баштаган.
Апасы Дарика Абдрахманова "Супер-Инфого" берген маегинде уулуна ырчылык талант атасынан өткөнүн айткан. Анын айтымында, ырчынын атасы ырдагандан сырткары комуз, пианинодо ойноп, ыр жазган.
Сүйүктүүсү менен 3 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошкон
Ырчы жубайы Мээрим менен чогуу түтүн булатып келатканына быйыл 3 жыл болот. 2014-жылдын 23-сентябрында түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өткөн. 2015-жылдын 21-ноябрь күнү уулдуу болушуп, ага Адам деген ысымды ыйгарышкан. Мирбек Атабеков үй-бүлөсү менен чет өлкөлөргө саякат жасоону жакшы көрөт. Буга анын социалдык тармактагы чет жерлерде үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөттөрү далил.
30 жашында "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон
2016-жылы 11-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата маданияттын өнүгүшүнө салымын кошкон белгилүү инсандарга мамлекеттик сыйлыктар берилип, Мирбек Атабеков "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон.
Бул окуяга карата эл тарабынан айтылган сындарга ырчы: "Ал наам мага өз убагында ыйгарылды. Кээ бирөөлөр сатып алды, тааныш аркылуу алды дешти. Бир чети сүйүндүм. Рахмат, мени бай, байланышы күчтүү, таасирдүү адам катары көрүшкөндөрүнө. Бирок мен карапайым эле үй-бүлөдөн чыккан, жөнөкөй жигитмин. "Жеңилген күрөшкө тойбойт" дегендей, утулгандар чыгармачылыкты, чыгармачылыктын түйшүгүн түшүнбөгөндөр сындай беришет", - деп жооп берген.
Продюсери менен узак убакытка иштешип, рекорд койгон
Ырчы 2006-жылдан тарта продюсери Канат Култаев менен иштешип келет. Экөөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу Канат Култаевдин: "Кыргыз шоу-бизнесинде ырчы менен продюсердин 9 жыл келишим менен иштеши бул рекорд. Биз биринчи орунга келишимдеги расмий шарттарды эмес, бир туугандык, достук мамилени коюп иштешебиз", - деп айтканы бар.
11-августтун жылнаамасы.