ЖЫЛНААМА, 11-АВГУСТ: 21 жыл мурун болгариялык көзү ачык Ванга каза болгон

Дүйнөгө атагы чыккан болгариялык көзү ачык Ванга (Вангелия Пандева-Гущерова) мындан 21 жыл мурун көз жумган.

Ал 12 жашка толо элегинде чоң кырсыкка кабылат: катуу шамал болуп, куюндун чок ортосунда калган Ванганын көзүнө топурак кирип көзүнөн жаракат алат. Үй-бүлөсү аябай жакыр тургандыктан аны дарыгерге көрсөтүү шарты да болгон эмес. Натыйжасында Ванганын көзү көрбөй калган.
Кайсы мезгилден тартып ал көз ачыктык кыла баштаганын эч ким так айта албайт. Анын касиети акырындык менен байкала баштаганы маалыматтарда баяндалат.
Болгар окумуштуусу Георгий Лазанов Ванга феномин чейрек кылымдан бери иликтеп жүрүп 7000ден ашуун алдын ала айткандарынын жүзөгө ашкандыгын белгилейт. Анын айткандарынын кокусунан дал келип калуусу 80 пайыздан жогору экен деген жыйынтыкка келген.
Айтылып жаткан 80 пайызга даңкы жер жарган саясатчылар да кирген.
Маалыматтарга караганда, ал элдерди көрүп, сакайып кетишине жардам бергени менен өзүн-өзү такыр дарылаган эмес. 1996-жылы август айынын башында Ванганын абалы начарлап, ооруканага жеткирилген. 11-августта саат ондо бул дүйнө менен кош айтышкан.
11-августка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан