Бухаранын бар баянын 2 мүнөткө батырган видео интернет колдонуучулардын мактоосуна арзыды

Бузулбай, урабай сакталып калган эски имараттардын көрктүүлүгү, байыркы шаардын тар көчөлөрү, чыгыш базарындагы соода жана ошол жерде жашаган калктын өзгөчө меймандостугу. Мунун баары "Бухарага кош келиңиз" деп аталган 2 мүнөттүк видеороликте чагылдырылган. Аталган видео Өзбекстандын жаштар кеңеши жана Кинематографияны өнүктүрүү борбору тарабынан даярдалган. 8-августта борбордун интернеттеги баракчасына жайгаштырылып, бир күн ичинде 50 000 көрүүчүнү өзүнө тарткан.

Авторлорго роликти даярдоодо өлкөнү эл аралык деңгээлге чыгаруу милдети коюлган.

"Алар берилген тапшырманы "эң жакшы" деген баага аткарды. Эки мүнөттүн ичинде сиз Бухаранын четиндеги чөлдөргө, Тудакуль көлүнө күбө болуп, Аркада сейилдеп, базарда соода кылып, Ходжи Насреддинге конокко барганга үлгүрөсүз. Укмуш видео", - деп жазган интернет колдонуучуларынын бири видео тууралуу.

Мактаган пикирлердин арасында мындан 2 жыл мурун Түркиядагы туризмди даңазалоо максатында тартылган видеороликтин идеясынын негизинде тартылган дегендер да бар.

"Мыкты, сапаттуу даярдалган ролик. Дал эле ушундай видеону 2 жыл мурун көргөм. Бирок ал Түркия жөнүндө болчу", - деген пикирин калтырган интернет колдонуучу.

"Бухарага кош келиңиз" ролигин тартуу иштери 2 жума уланып, топтоштуруп чыгаруу 2 ай убакыттын ичинде аяктаган.

Бухарага кош келиңиз!
Түркия тууралуу даярдалган видеоролик
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
omka100514
2017-08-11 15:11:43
Чындыгында сонун даярдашыптыр, жакты
+3
BarsBaatyr
2017-08-11 15:21:23
Аябай жакшы тартышыптыр.
+3
Fatimka
2017-08-11 15:37:58
Кыргызстан жонундо тартышса ото кооз чыгат.
+2
sladkaja_konfetka
2017-08-11 15:38:43
Жакшы ролик болуптур. 5-канал дагы Алыкул Осмонов жонундо ушуга окшош видео ролик чыгарган: https://www.super.kg/media/uservideo/144581
+2
KyrgyzKagan
2017-08-12 11:39:26
Жакшы экен. Бирок баарибир кооздугу боюнча Кыргызстанга жетпейт экен. Кыргызстандын жаратылышы аябай коозда.
0
Azatbek83
2017-08-13 12:58:04
Буйруса жакында биздикилер да мындан жакшысын тартат деген ойдомун.Кыргыз жери бейиш жери.Болгону чондор шайтандарда атасы баш болуп курсагын ойлошот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан