"Кан соргучтун күндөлүктөрү" сериалындагы ролу менен таанымал болгон америкалык актёр Иэн Сомерхолдер тун наристелүү болду

"Кан соргучтун күндөлүктөрү" сериалындагы ролу менен көпчүлүккө таанымал америкалык актёр Иэн Сомерхолдер менен "Күүгүм" тасмасында Розалинин ролун аткарган актриса Никки Рид тун наристелүү болду. Түгөйлөр 25-июлда кыздуу болушкан, бирок бул тууралуу маалымат бүгүн гана, 11-августта белгилүү болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарда ата-эне тун кызына өзгөчө Боди Солели Рид-Сомерхолдер деген ысым ыйгарышканы айтылат.

Белгилей кетсек, Никки менен Иэн 2015-жылы баш кошуп, актрисанын кош бойлуу экендиги ушул жылдын май айында белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
monok2001
2017-08-11 18:43:33
Жакшы актёр кыскасы аман болушсун "вампирцы"
0
saltanat.
2017-08-14 16:31:38
Жаман сүйөм да Иенди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан